ОБСЕнин эгидасы менен уюштурулган жыйындын катышуучулары жергиликтүү өкмөттөрдү көз карандысыз маалымат каражаттарын кысмактоо практикасын токтотууга чакырышты. ОБСЕнин өкүлү Фраймут Дуве борборазиялык айрым лидерлер өздөрүнүн “феодалдык” режимин чыңдоо максатында массалык маалымат каражаттарын куугунтуктап жаткандыгын белгиледи.