Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:01

Европарламент Феликс Куловду Сахаров сыйлыгына көрсөттү


Кабыл алынган чечимде Куловдун азыркы режимге активдүү оппозицияда болгону, демократиялык өзгөрүүлөр, басма сөз эркиндиги жана мыйзам бийлиги үчүн жигердүү күрөшкөнү белгиленген. Кыргыз оппозициясынын лидеринен тышкары Европарламент аталган сыйлыкка көрсөткөндөрдүн арасында борборазиялык дагы үч саясий айыпкер – Түркмөнстандан Батыр Бердыев, Өзбекстандан Мухаммед Бекжанов жана Казакстандан Галимжан Жакиянов бар. Мындан тышкары Сахаров атындагы сыйлыкка талапкер катары ООНдун баш катчысы, ошондой эле Багдаддагы террордук акция маалында набыт болгон гуманитардык уюмдардын кызматкерлери да аталган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG