Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

ЯЛТАДА КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН САММИТИ ӨТТҮ


Нарын АЙЫП, Прага 18-19-сентябрда Ялта шаарында Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин 36-саммити болуп өттү. Ага он мамлекеттин президенти жана Азербайжан менен Түркмөнстандын премьер-министрлери катышты. Бийик жолугушуу учурунда негизинен экономикалык жана аскерий маселелер каралды.

Бийик жолугушуу эки күнгө созулду. 18-сентябрда Ливадия сарайында КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери, андан соң премьер-министрлер жолукту. 19-сентябрда болсо президенттердин жолугушуусу болуп, алар Бирдиктүү экономикалык аймак түзүү тууралуу келишимге кол койду. Үстүбүздөгү жылдын башында Беларус, Казакстан, Орусия жана Украинанын жетекчилери бир келишимге келип, Бирдиктүү экономикалык аймак түзүү тууралуу макулдашкан жана Ялтада кол коюлган келишим - ал багыттагы алгачкы орчундуу кадам.

Саммит алдында кээ бир эксперттер келишимге Кыргызстан да кошулушу мүмкүн деп жоруган, бирок андай болгон жок. 1994-жылы дагы Казакстан менен Өзбекстан Борбор Азия биримдигин түзгөндө, ага Кыргызстанды алгач кошпой койгон жана Бишкек уюмга бир нече айдан кийин гана мүчө болуп кирүүгө жетишкен, андан соң биримдикке Тажикстан да кошулган.

КМШга азыр 12 мамлекет кирет жана алардын бешөө - Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан - Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө. Бул уюм мурда Бажы биримдиги деп аталчу жана анын дагы негизги максаты - мүчө-мамлекеттердин экономикаларын бир-бирине жакындатып, бирдиктүү экономикалык аймак түзүү болгон. Бирок эми жаңы экономикалык уюм түзүлүп, ага Кыргызстан менен Тажикстан кошулбай, бирок Украина чакырылып жатканы байкоочуларды бир кыйла таң калтырууда.

Экинчи жагынан, СССР чачырап, анын ордунда КМШ пайда болгон күндөн тартып, президенттер бирдиктүү экономика тууралуу такай айтып келет, бирок 12 жылдан бери бул багытта алгылыктуу жетишкендик жок. Ошондуктан Ялтада түзүлгөн келишим деле негизинен кагаз бетинде гана кала турган документ болуп калышы да толук ыктымал. Украинанын бир топ саясатчылары бирдиктүү аймакка каршы да чыгууда, анткени жаңы уюм Украинанын Европа Биримдигине келечекте кошулуусуна жолтоо болушу мүмкүн.

Лондон шаарындагы "Ю-Эф-Жи" банкынын стратегиялык саясат боюнча эксперти Кристофер Грэнвиллдин айтымында, Ялтада кол коюлган келишимдин шарттары ишке ашырылмайынча, анда жазылган идеяларга ишенүү эрте:

- Саясий жактан караганда, бирдиктүү экономикалык аймак түзүү иштерин мамлекет аралык деңгээлде деле жүргүзсө болот, ал үчүн кандайдыр бир жогорку уюмдардын кереги жок. Бирок КМШда конкреттүү эч нерсе болбой жатат. Азыркы экономикалык демилгени алып көрсөк, ал мурдагы аракеттерге караганда реалдуурак болуп көрүнөт, бирок Шериктештиктин тарыхын эске алганда, мен, - башка эксперттер сыяктуу эле, - андай бирдиктүү аймак чындап пайда болгондо гана мен ага ишенем деп айтаар элем.

Бийик жолугушуу даярдалып жатканда, Ялтада дагы бир уюмдун - ГУУАМдын жыйыны болот деп күтүлгөн. Бул уюмга Азербайжан, Грузия, Молдова, Өзбекстан жана Украина кирет, бирок саммитке Азербайжан президенти келбегендиктен, ал жыйын болгон жок. Гейдар Алиев азыр АКШдагы ооруканада жатат жана Ялтага келген анын уулу Илхам Алиев үчүн бул жолугушуу биринчи жогорку сынак болду.

Андан тышкары Орусия, Түркмөнстан жана Украинанын жетекчилери үстүбүздөгү жылы мамлекет аралык газ консорциумун түзөбүз деп жарыялаган жана ал тууралуу келишимге дагы Ялтада кол коюлушу мүмкүн деп айтылган. Андай консорциумдун демилгечиси түркмөн президенти Сапармурат Ниязов болчу. Май айында Санкт-Петербург шаарында өткөн бийик жолугушуу учурунда Ниязов бардык маселелер Ялтада чечилет деп айткан, бирок ал өзү саммитке келген жок.

XS
SM
MD
LG