Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

Бишкекте Ысыккөл биосфера аймагын коргош үчүн топтолгон жыйымдарды мыйзамдаштыруунун жолдору талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Акыйкатчынын кеңсесинде Ысыккөл биосфера аймагын коргош үчүн кошумча салык катары экологиялык бекеттерде унаалардан жыйым чогултууга байланыштуу маселе талкууланды. Бул маселе Акыйкатчыга түшкөн арыздардын негизинде каралды. Турсунбай Бакир уулу белгилегендей, бул жыйымдарды чогултуу негизсиз. Анткени өлкөнүн Салык кодексинде жыйымдын мындай түрүнө уруксат берилген эмес. Ал эми Ысыккөл биосфера аймагынын директору Бактал Бозгорпоев, бул жыйымдар 1999-жылы кабыл алынган «Биосфера аймагы жөнүндөгү» мыйзамга жана президенттин «Ысыккөл облусун биосфера аймагы катары коргоо жөнүндөгү» жардыгынын негизинде иштелип чыккан жобого ылайык чогултулуп жатканын билдирди. Мыйзам боюнча Ысыккөл биосфера аймагы республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Салык кодексинде жергиликтүү администрацияларга жыйымдын 16 түрүн киргизүүгө уруксат берилет. Прокуратуранын, Ысыккөл облустук администрациясынын, Ысыккөл биосфера аймагынын бул жыйынга катышкан өкүлдөрү Ысыккөл облусуна кирип бараткан унаалардан алынган жыйымдарды мыйзамдаштырууну чечишти.

XS
SM
MD
LG