Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:11

Феликс Куловду Европарламент А.Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөттү


БИШКЕК. Европа парламенти «Арнамыс» партиясынын төрагасы, азыр абакта отурган Феликс Куловду белгилүү окумуштуу жана укук коргоочу Андрей Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн «Арнамыс» партиясына Адам укуктары боюнча эл аралык лиганын өкүлдөрү маалымдашты. Европа парламенти 2003-жылы өз өлкөсүндө демократия үчүн күрөшүп, мыйзамдын сакталышын, сөз эркиндигин жактаган саясий айыпкерлерге берилүүчү Сахаров сыйлыгына Борбор Азиядан төрт адамдын талапкерлигин көргөздү. Алар – «президент С.Ниязовго кол салганга катышы бар» деп айыпталып, 25 жылга абакка отургузулган түркмөнстандык Батыр Бердиев, Өзбекстандын оппозициячыл «Эрк» партиясынын мүчөсү, саясий айып тагылып 15 жылга кесилген Мухамед Салих, Казакстандан 7 жылга эркинен ажыратылган Галимжан Жакиянов жана Кыргызстандан Феликс Кулов. Булардан тышкары, Сахаров сыйлыгына Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан жана БУУнун Багдаддагы штабынын быйылкы жардыруудан каза болгон кызматкерлери көрсөтүлгөн. Андрей Сахаров атындагы эл аралык сыйлыктын өлчөмү - 50 миң евро. Сыйлык тапшыруу аземи декабрь айында Европарламентте болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG