Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

Ялтада КМШнын мамлекет башчыларынын саммити өттү


БИШКЕК. Бүгүн Ялтада Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген мамлекеттердин башчыларынын кеңейтилген жыйыны өттү. Ага КМШга кирген 10 өлкөнүн президенттери катышты. Жыйындын ачылышында КМШнын Мамлекет башчылар кеңешинин азыркы төрагасы, Украинанын президенти Леонид Кучма сөз сүйлөп, КМШнын алкагында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанисине токтолду. Жыйында КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда келерки 7 жыл ичинде экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, терроризмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкууланып, тиешелүү документтерге кол коюлду. Ялтада өтүп жаткан саммитте Орусиянын, Беларустун, Украинанын жана Казакстандын президенттери Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти калыптандыруу жөнүндөгү макулдашууга кол коюшту. Кыргызстандан Ялтадагы саммитке президент Аскар Акаев баштаган делегация катышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG