Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:57

ТҮШТҮК КАВКАЗ ЕВРОПАГА ЧООЧУНБУ?


Европа Биримдиги Түштүк Кавказдагы өзүнүн алгачкы өкүлү кылып финляндиялык дипломат Хейкки Талвитиени дайындады. Анын баамында, Брюссел Азербайжан, Армения жана Грузия менен алакаларын өөрчүтүүнү көздөгөнү менен, аталган өлкөлөрдүн Европа Биримдигине жакын арада кошулуусу күмөн. Ал эми Россиянын аймактагы кызыкчылыктары үч жумурияттын эгемендүүлүгү шартында гана аткарылышы мүмкүн. Ушул жана башка ойлору менен Талвитие мырза кабарчыбыз Ахто Лобьякас менен болгон маегинде бөлүштү.

Ушул жылдын башында Европа Биримдиги “Жаңы кошуналар” концепциясын жактырган эле. Анда уюм биримдикке май айында 10 мамлекет кошулгандан кийин жаңы пайда болчу кошуна өлкөлөргө багытталган саясатын аныктан эле. Түштүк кавказдык үч жумурият болсо ошол долбоорго кирбей калган. Анда Брюссел июл айында аларга “компенсация” катары чөлкөмгө атайын өкүлүн жиберүүнү чечти:

- Жыл башында “Кеңейтилген Европа” концепциясы сунуш этилип, Түштүк Кавказ анын көңүл сыртында калганда, аймакта бизге карата кандайдыр бир сын пайда болгон эле. Менин оюмча, бул фактыдан улам, Европа Биримдиги ушул кызматтын киргизилишине кошумча кызыкдар болду.

Ошол эле мезгилде, дипломат белгилегендей, уюм үч мамлекет менен алакаларын маанилүү бир деңгээлде кеңейтет деп айтышка болбойт. Биримдик менен Түштүк Кавказ ортосундагы мамилелер мындан ары деле мурдакы СССР үчүн белгиленген “Шериктештик жана кызматташтык келишиминин” алкагында улантыла бермекчи.

Хейкки Талвитие – тажрыйбалуу дипломат. Өз кезегинде Финляндиянын Москвадагы элчиси болуп кызмат өтөгөн. 1995-96-жылдары Тоолуу Карабак жаңжалын жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Минск тобун да жетектеген.

Евробиримдиктин өкүлүнүн мандаты жылына эки ирет мүчө-мамлекеттер тарабынан жаңыланып турууга тийиш. Ошентсе да, Талвитие мырза аймактагы ишин узак мөөнөттүү деп эсептейт. Анын негизги максаты – уюмдун аймактагы саясатын жүргүзүүгө көмөктөшүү болуп саналат. Ушул жаатта позитивдүү жылыштар үчүн эң негизгиси - региондогу стабилдүүлүккө жетишиш керек. Дипломат бул милдет кыйынга тураарын моюнга алат.

- Чөлкөмдө өтө жигердүү болуп эсептелген үч өлкө тең бир эле максатты көздөшөт. Атап айтканда, алар туруктуулукту каалайт. Бул ири дөөлөттөр үчүн да айныгыс чындык. Ушуну менен катар алардын калган кызыкчылыктарын, ошондой эле башка кызыкдар өлкөлөрдүн да пикирин эстен чыгарбаш керек. Бул абдан жөнөкөй нерсе. Ал эми улуттук кызыкчылыктар орундатылып жатабы, аны ар бир өлкө өздөрү аныкташат.

Ал Европа Биримдиги “демократиялык турукташтыруу” саясатынын тарапкери экендигин кошумчалайт. Региондогу кырдаал өтө татаал, чиеленишкен болгондуктан, кандайдыр бир өзгөрүүлөр же реформалар жүргүзүлсө, алар көп баскычтуу болушу абзел. Айрым бир демократиялык жылыштар байкалганы менен, алар улам ырбаган жаңжалдардын барымтасына туш болууда. Жаңжалдар болсо, Талвитиенин оюнча, көбүнчө шайлоо өткөн сайын күч алат. Евробиримдиктин өкүлү аймактагы олуттуу чатактар арасында Тоолуу Карабак жаңжалын, грузин-абхаз маселесин, түндүк Осетиядагы жикчилер жана башка улуттук азчылыктарга байланышкан проблемаларды атады.

Ал эми Россиянын чөлкөмдөгү кызыкчылыктарын дипломат түздөн түз комментариялоодон баш тартканы менен, Россия үч жумурияттын эгемендүүлүгүн жана башка “ири оюнчуларды” урматташ керек деген пикирин ортого салды:

- Россия аймак менен саясий, аскерий, маданий жактан тарыхый узак байланышта болуп келгендиктен, анын бул жерде кызыкчылыктары албетте жок эмес. Азыр деле орустар алардын жүзөгө ашырылышын каалайт. Бирок мындай нерсе үч мамлекеттин көз карандысыздыгы шартында жана башка оюнчулар, атап айтканда АКШ менен Евробиримдиктин катышуусу менен гана мүмкүн.

Анын баамында, Москва Евробиримдиктин өкүлүнүн дайындалышына карата өз пикирин дароо билдирбестен, окуялардын мындан аркы өнүгүшүн байкап көрүү турумун ээлеген өңдүү.

“Региондун лидерлери кызматташууга кандай ниетин көргөзүштү?” - деген суроого Талвитие мырза түз жооп бергиси келген жок. Түштүк Кавказ жумурияттарынын умтулуулары Европага байланыштуу болгондон кийин, айрым нерселерге баш ийиш керек, - дейт Биримдиктин өкүлү:

- Үч жумурият тең үй-бүлөөсүнө кошулгусу келсе, - сөз Евробиримдикке мүчөлүк жөнүндө жүрүп жаткан жок,- демек алар Европа стандарттарын, баалуулуктарын пир тутуп, мыйзамдарын евростандарттарга ылайыкташтырууга даяр болуулары керек.

Ал эми ушул айдын этегинде, 29-сентябрда Армения, Грузия жана Азербайжандын тышкы иштер министрлери Биримдик менен кызматташтыгын өөрчүтүү максатында Брюсселге сапар тартышат.

XS
SM
MD
LG