Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

ЫСЫККӨЛ БИОСФЕРАЛЫК АЙМАГЫНА КИРИШ ҮЧҮН ТӨЛӨНЧҮ АКЫ МЫЙЗАМДАШТЫРЫЛАТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстандын Акыйкатчысы экологиялык бекеттерде Ысыккөл аймагына кирип бараткан автомашиналардан акча чогултулганына нааразы болуп келет. Мындан бир ай мурун Акыйкатчынын машинасын Ысыккөлгө баратканда экология бекетинин кызматкерлери токтотуп, акча төлөөнү талап кылышкан. Турсунбай Бакир уулунун пикиринде бул жыйымдар мыйзамсыз. 19-сентябрда Акыйкатчынын кеңсесинде бул маселеге арналган жыйын болду.

Турсунбай мырза бул жөнүндө журналисттерге бир нече жолу билдирген. Акыйкатчынын оюнда, биосфералык аймак болуп саналган Ысыккөл дубанына бараткан автомашиналар төлөп жаткан жыйымдар мыйзамга каршы. Эс алганы Көлгө барган калктан жолдо акча чогултмай көбөйгөнү тууралуу арыздар да көп түшүптүр. Акыйкатчы бир чет элдиктин даттануусунан жана бир чети өз көзү менен көрүп келгенден кийин бул маселенин изине түшкөн.

Ысыккөл 1999-жылы президенттин жарлыгы менен “өзгөчө корголуучу аймак” деп жарыяланган. Ошол эле жылы “Биосфералык аймак жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамга ылайык биосфералык аймакты коргоого жана анын дирекциясын кармоого каражат бюджет каржылагандан тышкары ал аймакка кирүүчүлөрдөн алган жыйымдан топтолмокчу. Акыйкатчынын безилдегенин да түшүнсө болот. Бул жыйымдар тууралуу жобо бир да мыйзамда жок. Башмыйзамга ылайык жергиликтүү бийлик кошумча салыктарды жана жыйым-төлөмдөрдү беките алат. Бирок мыйзамда көрсөтүлгөн андай кошумча салыктардын 16 түрүнүн ичинде бул жыйымды таба албайсың. Турсунбай Бакир уулу “Эмне үчүн эч бир жерде айтылбаган жыйым чогултулуш керек?” деп атат.

Акыйкатчынын кеңсесине буга тиешеси бар адамдардын көбү келди. Ысыккөл дубанынын бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, 2000-жылы бул жыйым тууралуу жобону Амангелди Муралиев башында турган өкмөт бекитип берген. Ага ылайык облустук кеңештин депутаттары жыйымдын өлчөмүн, алыныш ыраатын кабыл алышкан. Ысыккөл облустук кеңешинин төрагасы Баттал Бозгөрпөевдин айтымында, депутаттар деле калкты ойлоп, ары калчап, бери калчап атып туура эле чечим кабыл алышкан. Анын оюнда, өкмөттүн токтому тургандан кийин бул акыны мыйзамсыз дегенге болбойт.

Учурда Көл өрөөнүнө кирип бараткан жеңил машиналар 50 сом, автобус менен чоң машиналар 100 сом төлөйт. Буга дейре чет элдик машиналар 200 сом берип келсе, эми башка мамлекеттер менен чектеш жерлерде 500 сом төлөшмөкчү. Ысыккөл губернаторунун биринчи орун басары Орозобек Бектуровдун айтымында, Көлгө ар кандай жыйым-төлөмдөрдү салып коюп отурган мекемелер көбөйүп кетти. Алардын катарында жергиликтүү бийликтен тышкары Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана камсыздандыруучу менчик компаниялар бар. Андай менчик компаниялар ар бир кишиден 50 сомдон алат. “Бутуң сынса, авария болсоң камсыздандырып беребиз” деп кызыктырышат. Бирок андан баш тартканга ар бир атуулдун укугу өзүндө.

Бектуров мырзанын айтымында, менчик камсыздандыруучу компаниялардан мамлекетке бир да тыйын түшпөйт. Болгону алар лицензия алаарда гана акча төлөшөт. “Аларды кубалап кетире албай койдук, кайра эле башка жерге туруп алышат. Ал эми Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигин болсо кубалай албайбыз. Ушул жолдоштор абалды татаалдантып жатышат” деди Орозбек Бектуров.

Бир жыл бою мындай экологиялык жыйымдан дурус эле акча түшөт окшойт. Канча акча түшөөрүн көлдүк чиновниктерден сурап биле албадык. Бирок анын 10% 640 миң сом экенин сөз арасында айтышты. Облустук кеңештин чечимине ылайык бул каражаттын жарымы облустук администрацияга дубанда айлана-чөйрөнү коргош үчүн берилет. Ал эми жарымы биосфералык аймактын дирекциясына которулат.

Жыйындын соңунда Акыйкатчы бул жыйымды баары бир мыйзамдаштыруу керек экенин айтты. Жогорку Кеңештин депутаттары жана Көл дубанынын бийлик өкүлдөрү чогуу кат жазмай болушту. Өкмөт менен парламентке бул маселенин чоо-жайын түшүндүрүп, Ысыккөлдө алынчу жыйымды мыйзамга киргизмей болушту. А бирок жыйналып аткан каражат мурдагысындай эле алына бермекчи.
XS
SM
MD
LG