Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

УКУК КОРГООЧУЛАРДЫН ДУБЛИНДЕГИ ЖЫЙЫНЫНДА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АБАЛ ОҢ БААЛАНГАН ЖОК


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Жакында Ирландиянын борбору Дублин шаарында укук коргоочулардын чоң жыйыны өттү. Ага Кыргызстандан укук коргоочу Турсунбек Акун менен «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова, Венадан Рамазан Дырылдаев катышып, өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу айтып беришкен. Дублиндеги өткөн жыйын жана башка маселелер тууралуу Турсунбек Акун менен Төлөкан Исмаилова «Азаттыктын» Бишкектеги студиясына келип, кеңири маек куруп беришти.

- Эл аралык укук коргоо кыймылдарынын жакында Ирландиянын Дублин шаарында өткөн атайын жыйынына сиздер барып келдиңиздер. Дублинде кандай маселелер каралды? Кыргызстанга тиешелүү кандай пикирлер, сөздөр айтылды? Төлөкан айым, сөз сизде.

Т. Исмаилова:
- 10-12-сентябрда Дублин шаарында, укук коргоочулардын укугун коргогон эл аралык «Фронт Лайн» аттуу уюм кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул уюм 2001-жылы 22-февралда түзүлгөн. Соңку жылдары көп мамлекеттер эгемендүүлүк алгандан кийин чет өлкөлөрдөн финансылык, моралдык, техникалык жактан көптөгөн жардам алса да, демократия, адам укуктары жана сөз эркиндиги жаатында көптөгөн проблемалар ортого чыкты. Башкасын коюп, Орто Азияны эле алып караганда, чет элдик эксперттер айтып атышат, “Кыргызстан Түркмөнстандан эч кандай айырмаланбай калды” деп. Анткени Түркмөнстандын режимин Түркмөнбашы ачык айтып турса, биздин Кыргызстан күлүп, жылмайып, сөз жүзүндө демократияны эл аралык уюмдарга сүрөт катары көрсөтүп, ал эми ичинде туугандык, коррупциялык, паракордук системаны күчөткөн авторитардык режимге өтүп алган. Аны уга берип, бүгүнкү күндө эл аралык уюмдар да чарчашты. Бул - «Фронт Лайндын» экинчи платформасы. Ал укук коргоочулардын ишин көзөмөлдөп, аларга ар кандай жардам көргөзүп, демократиялык жоболордун так аткарылышы үчүн аракеттерди көрөт.

- Турсунбек мырза, сиз ушул жыйындан кандай таасир алып кайттыңыз?

Т. Акун:
- Мен көп эле эл аралык конференцияларга катыштым. Бирок Дублин шаарында өткөн бул конференция менин турмушумдагы бир тагдыр чечүүчү конференция болгонсуду. Жыйынга башынан чоң кыйынчылыктарды кечирген, түрмөлөрдө жатып, ар кандай куугунтуктарга, коркунучтарга кабылган укук коргоочулар дүйнөнүн 70тен ашуун мамлекетинен келишиптир. Биздин эң чоң жетишкендик - бүткүл дүйнөнүн укук коргоочулары чогулуп, резолюция кабыл алдык. “Эгер бир эле укук коргоочу, мисалы Колумбиядан, Панамадан, Европадан, же Кыргызстандан камалып, өлтүрүлүп же сабала турган болсо, бүткүл дүйнөнүн укук коргоочулары ошол мамлекетке жазып, пикет уюштуруп, акция кылып, ошол укук коргоочуну бошотуп алыш үчүн же жардам бериш үчүн аракет көрөлү” деген чечимге келдик.

- Азыр Кыргызстандагы укук коргоочу уюмдардын ортосунда кандайдыр-бир ынтымак кетип, ажырым пайда болуп, коомчулукта ар кандай пикирлер жаралып атат. Ушундай абалдан чыгуунун жолдору ошол жыйында, же болбосо укук коргоочулардын арасында талкууландыбы?

Т. Исмаилова:
- Бул маселе ар тараптан кылдат талкууга алынды. Азыр «укук коргоочуларды гана эмес, алардын уюмдарын да коргош керек» деген маселе көтөрүлүп келет. Анткени бийлик күчтүү уюмдарды бөлүп-жарып, жаманатты кылып, өзүнө караштуу журналисттер, гезиттер, телеканалдар, радио аркылуу көө жапкан өнөктүктөрдү жүргүзөт. Бул бийликтин көндүм ыкмасы. Мисалы, Дырылдаев жөнүндө айтканда, ал 2 жылдан бери, айрыкча парламенттик, президенттик шайлоодон кийин куугунтукка алынып, Венага өзүнүн уюмун, анын иш багытын сактаганы убактылуу кеткен. Ошондо бийлик атайын алардын уюмун бөлүп-жарып, ар кандай убадаларды берип, бирөөнө «жумуш таап беребиз» десе, экинчисине башка нерселерди сунуштап, өзүнө имерип алган. Биз аны жакшы түшүнөбүз. Адамдык касиетти сакташ - бүгүнкү тоталитардык мезгилде аябай оор нерсе. Мен аларды жамандагым келбейт, балким алар да түшүнбөй туруп, азыркы режимдин, системанын тузагына илинип калгандыр. Андан чыга албай жаткандыр. Чыгышы да кыйын эми.

- Сиздер «Дублиндеги жыйынга барып катышып, Кыргызстандагы адам укуктарынын бузулушу жөнүндө да айттык» деп жатасыздар. Ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстанга тез-тез келип, өлкөдөгү адам укуктарынын абалы, жалпы эле саясий кырдаал менен таанышып кетишет. Бирок алардын келиши, сиздер ушундай жыйындарда айткан, көтөргөн проблемалар сөз боюнча калып эле, Кыргызстанга таасир этпей келет деген пикирлер коомчулукта өкүм сүрүп жатат. Ошол пикирлерге кандай карайсыздар?

Т. Акун:
- Мен буга жооп берүүдөн мурун Дырылдаев жөнүндөгү маселеге кыскача токтоло кетсем. Бул туурасында Дублин конференциясында да сөз болду. Көрсө диктатордук, авторитардык режимдеги өлкөдө укук коргоочу чындыкты айтып, адам укугун эл аралык деңгээлде коргоп чыкса, анын баркын кетириш үчүн, уюмун ээлеш үчүн анын айланасында жүргөндөрдү ага каршы коюп, пайдалануу атайын кызматтардын, диктатордук мамлекеттердин ыкмасы экен. Мисалы, мен Дырылдаев менен көп соттоштум. Экөөбүз жаманатты да болдук. Ошол кезде мен да билбептирмин. Мисалы, ошол эле Ырыскелди Момбеков сыяктуу мен да билбей соттошком. Көрсө мамлекет бизди бири-бирибизге каршы коюп атыптыр. Азыр түшүнүп атам. Дырылдаевге эмне үчүн азыр асылып, куугунтуктап жатышат? Анткени ал Кыргызстандагы адам укуктары тебеленген фактыларды эл аралык, дүйнөлүк аренага жеткирип, булардын айыбын ачып атат.

- Биз жогорудагы суроого жооп алалбадык. Төлөкан айым, жанагы берилген суроого сиз жооп берсеңиз. Көп эле эл аралык уюмдар Кыргызстан жөнүндө билдирүү, кайрылуу кабыл алып атышат. Кыргызстанга келип-кетип, «бул маселени дагы талкуулайбыз» деп атышат, сиздер чет өлкөгө барып айтып атасыздар. Бирок ошондон «эч кандай жыйынтык чыкпай жатат, таасири сезилбей жатат» деген коомдук пикирге карата сиздин пикириңиз?

Т. Исмаилова:
- Ошол эл аралык уюмдардын алдында милдеттенмелерди алгандан кийин, эгемен өлкө болгондон кийин алардан кыргыз өкмөтүнө аябай талап коюлат. Азыр ошол эле президент Буш айтып атпайбы, «мен биринчи иретте саясатта адам укугун жана эркиндикти биринчи орунга коюп атам, андан кийин финансы, башка иштер турат» деп. Ошон үчүн бүгүнкү талап кечээкиден өзгөрдү жана эртең дагы башкача өзгөрөт. Ошон үчүн кыргызстандыктар эч коркпошу керек.

Т. Акун:
- Эл аралык конференциялар, эл аралык уюмдар жана башкалар толугу менен бизге жардам бере албайт. Аны бардык мамлекеттен келген укук коргоочулар да Дублиндеги жыйында айтты. «Эгерде укук коргоочулар, атуулдар өзүлөрү аракет кылбаса, эч бир чет мамлекет келип жардам бербейт» деп ачык айтылды.

- Маек куруп бергениңиздер үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG