Америка Кошмо Штаттарынын чыгыш аймактарына кечээ күнү тийген бороондон 21 адам каза тапты жана 500 миңге жакын киши электр жарыгысыз калды. Ылдамдыгы саатына 160 чакырымга жеткен шамалдан үйлөр бузулуп, бак-дарактар сынган жана жалпы чыгым 500 миллион долларга жетти.