Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

Укук коргоочу менен «Аалам» гезити аппеляциялык арыз жазат


БИШКЕК. Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун менен «Аалам» гезити Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 19-сентябрдагы чечимин жокко чыгарып берүү арызы менен Бишкек шаардык сотуна жаңырган аптада кайрылмакчы. Бул тууралуу ишембиде «Азаттыкка» Турсунбек Акун билдирди. Укук коргоочунун пикиринде, эгер соттор буга чейинки сот жараяндарында адвокаттардын пикирин угуп, күбөлөрдү сурап, сот ишинин маңызын түшүнүүгө аракет кылып келишсе, соңку убакта сот жараяндарын өткөрүү эрежелери одоно бузулуп, татаал сот иштери тез эле бир жактуу чечилүүдө.
19-сентябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Анара Базаралиева «Агым» гезитинин мурдагы башкы редактору Мелис Эшимкановдун «укук коргоочу жана «Аалам» гезити менин адамдык абийириме жана ар-намысыма шек келтирди» деген доо арызын карап, канааттандырган. Агым» гезитинин ээси, «Эл» партиясынын башчысы Мелис Эшимканов өз арызында моралдык чыгым үчүн «Аалам» гезитинен 3 млн. сом, макаланын автору Турсунбек Акундан 2 млн. сом өндүрүп берүүнү соттон суранган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG