Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:59

Кыргыз өкмөтү менен Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы жаңы долбоорго кол коюшту


БИШКЕК. 1-вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Болотбек Айдаралиев жана Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ежи Скуратович «Глобалдык экологиялык конвенцияны аткаруудагы мүмкүнчүлүктөргө улуттук баа берүү» аттуу биргелешкен долбоорго кол коюшту.Бул тууралуу ишембиде өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Долбоор аба ырайынын өзгөрүшү, кургакчылык сыяктуу бир катар экологиялык маселелерди чечүүдө Кыргызстанга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Долбоордун бир жылдык бюджети 205 миң АКШ доллары.

XS
SM
MD
LG