Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:07

БОРБОР АЗИЯ ПРЕЗИДЕНТТЕРИНИН ТҮРМӨДӨГҮ АТААНДАШТАРЫ САХАРОВ АТЫНДАГЫ СЫЙЛЫККА КӨРСӨТҮЛҮШТҮ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Европа парламенти Борбор Азия мамлекеттеринин учурда түрмөдө жаткан төрт саясатчысын Андрей Сахаров атындагы эл аралык сыйлыкка көрсөттү. Алар - Кыргызстандан Феликс Кулов, Түркмөнстандан Батыр Бердиев, Өзбекстандан Мухамед Бекжанов, Казакстандан Галимжан Жакиянов. Кадыр-барктуу Европарламенттин мындай демилгеси аймактагы ырасмий бийликтердин оппозицияга кандай мамиле жасаарына берген баасы катары бааланууда

Айрым жергиликтүү жана эл аралык талдоочулардын пикиринде, бардык Борбор Азия өлкөлөрүндө адам укуктарынын, сөз эркиндигинин абалы жана мамлекеттик башкаруунун ыкмалары бири-бирине окшош. Аймактагы беш өлкөдө тең соңку он жылдан ашуун убакыттан бери жогорку бийлик жетекчилери алмаша элек. Ошондой эле ал өлкөлөрдөгү сөз эркиндигинин, адам укугунун абалы көңүл көтөрөөрлүк эмес. Борбор Азия мамлекеттеринин сөз эркиндигинин абалынын оор экендиги 18-19-сентябрь күндөрү Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда ачык айтылды. Ал эми адам укугунун абалына келсек, учурда аймактагы өлкөлөрдүн барында тең бийликти сынга алганы үчүн бир нече жыл түрмөгө камалган оппозиция лидерлери бар. Мындай көрүнүш курамына он беш өлкө кирген Европа биримдигинин парламенти тарабынан белгиленип, Борбор Азия өлкөлөрүндө учурда түрмөдө жаткан төрт саясатчы Андрей Сахаров атындагы эл аралык сыйлыкка көрсөтүлдү. Европа парламенти жана Адам укуктары боюнча эл аралык лиганын пикиринде, жогоруда аттары аталган саясатчылар аймактагы бийлик жүргүзгөн саясатка ачык каршы чыккандыгы үчүн түрмөгө камалышкан. Европа парламентинин демилгеси Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандагы укук коргоочулардын колдоосуна ээ болду. Бирок, ошол эле маалда сыйлыкка көрсөтүлгөн талапкерлерге карата түрдүүчө пикирлер айтылууда.

- Феликс Кулов, - дейт Кыргызстан адам укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун, - буга чейин өзүнүн көз-карашынан тайган жок. Ошондуктан, анын сыйлыкка көрсөтүлүшү абдан туура. Түркмөнстандан Батыр Бердиев «өлкө жетекчисине кол салды» деген айып тагылып, 25 жылга кесилген. Менимче, ал дагы сыйлыкка татыктуу адам. Ошондой эле Мухамед Бекжановдун сыйлыкка көрсөтүлүшүнө да мен макулмун. Ал эми Галимжан Жакияновдун сыйлыкка көрсөтүлүшүнө мен каршымын. Анткени, Казакстанда андан да татыктуу Сергей Дубанов бар. Галимжан Жакиянов губернатор болуп, бийликтин акырынан жем жеген адам. Ошондой эле ал мындан бир нече күн илгери өзүнүн жасаган күнөөсүн мойнуна алып, өлкө жетекчисинен кечирим сурады. Сергей Дубанов кечирим сурабай келет.

Борбор Азия өлкөлөрүндө саясий көз-карашына байланыштуу түрмөгө кесилүү көнүмүш көрүнүшкө айланып баратат. Айрым серепчилердин пикиринде, мындай көрүнүштүн эң өкүнүчтүүсү аймактагы бийлик өкүлдөрү сөз түрүңдө жалпы коомчулукка адам укугу, сөз эркиндиги боюча толгон-токой убадаларды беришип, иш жүзүндө өзүнүн каршылаштарын көп жылга түрмөгө отургузушууда. Атаандаштарынын «келечекте саясатка аралашпайм» деген убадасын алып анан гана түрмөдөн чыгарышууда. Укук коргоочу Турсунбек Акундун айтымында, мындай көрүнүш соңку мезгилдери Казакстанда орун алды. Маселен, мындан бир нече күн илгери көп жылга түрмөгө кесилген Муктар Аблязов өзүнүн күнөөсүн мойнуна алып, мамлекет башчысына кайрылгандан кийин түрмөдөн чыгарылды. Ушундай эле өтүнүч менен жакында өлкө жетекчисине Галимжан Жакиянов да кайрылды.

Турсунбек Акундун пикиринде, кыргыз бийлиги да жогорудагыдай максатты көздөөдө, бирок анысынан майнап чыкпай келет. Ал эми «Атамекен» социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, жакында курамына төрт партия кирген «Элдик конгресс» Ф. Куловду бошотуу боюча Аскар Акаевге кайрылуу жолдошту. Президенттик админстрациянын Коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаковдун атынан кайрылууга жооп келди.
-Президенттин жообун караганда, боштондукка чыгуу үчүн адегенде, Кулов өз күнөөсүн мойнуна алып, өлкө жетекчисинен кечирим суроосу керек экен, - дейт Өмүрбек Текебаев.

Ал эми Феликс Кулов болсо, буга чейин эле белгилүү болгондой, өзүнүн мыйзамсыз камалганын айтып, эч убакта кечирим сурабай тургандыгын билдирип келет:

- Мен эч кандай кечирим сурабай турганымды айтып коюшум керек. Атып салышса да.
XS
SM
MD
LG