Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:38

КЫРГЫЗСТАН МЫЙЗАМСЫЗ ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНА КАНДАЙ КАРАЙТ?


Жаз айларынан тарта чектеш өлкөлөрдөн Кыргызстанга келген эмгек мигранттарынын саны өсөт. Жалданма жумушчулардын эң көп каттаган учуру пахта терими күчөгөн октябрь айына туура келет. Мындай жагдайды жергиликтүү бийликтин айрым өкүлдөрү убактылуу пайда болгон кадыресе көрүнүш катары кабылдаса, кээ бир жетекчилер жергиликтүү калк жумуш менен толук камсыз болбой жатканда көзөмөлдү күчөтүүнүн зарылдыгын белгилешет.

Жергиликтүү калк коңшу Өзбекстан менен Тажикстандан келип иштеген жалданма жумушчуларга көнүп алышкан. Адатта, мындай агым жаз айларынан тарта күөчп, анын аягы күзүндө суюлат. Талаачылык жумуштарына, анын ичинен пахта терим ишине өзбекстандык атуулдар көбүрөөк тартылат. Акысына орто эсеп менен күнүнө 50 сомдун тегерегинде алышат. Пахта терим башталгандан бери ар кандай жол менен чек арадан өтүп, иштеп жүргөн өзбекстандык жалданма жумушчулардын саны азыр Жалалабад, Ош облустарында көбөйүп баратат. Маселен, «Адилеттик» бейөкмөт уюмунун Базаркоргон району боюнча координатору Азимжан Аскаровдун билдиришинче, азыр аталган районго пахта терүүгө жалданып иштөө максатында коңшу өлкөлөрдөн күнүнө 1000-1500 жалданма жумушчу келүүдө. 90 пайызы аялдар. Алар адатта үй-бүлө, кол арага жараган бала-бакыраларын ээрчите келишет. Жумуш ээси менен ымалалашып алгандар тапкан каражатын үнөмдөө үчүн конуп иштеген учурлары да болот. Кээде чек арадагы тоскоолдуктардан сактануу максатында да ушундай кылышат. Адатта өз үйүнөн жалданып иштегени чыккан өзбек атуулдары чек арадан таңазанда өтүп кетүү аракетин жасашат.
- Чекарадан таңкы төрттөн тарта өтө башташат. Кандайдыр бир буйруктарга ылайык өзбекстандык бажычылар аларды кое беришпейт. Ошондуктан, үч-төрттөрдө өтүшөт. Саат алтыда аларды жумуш берүүчү адам алып кетет. Мыйзамдуубу-мыйзамсызбы, ушундай жол менен өзбекстандык атуулдар жан сакташат, - дейт Азимжан Аскаров.
Анын өткөн жылдагы жеке иликтөөсүнө караганда, иш кызыган маалда Базаркоргондогу чек ара постунан 2500-3500 өзбекстандык атуул Кыргызстанга өтүп турган. «Быйыл деле андан кемибейт болуш керек» дейт укук коргоочу.
Өзбекстандын атуулдарынын жайкы өнөктүктө көбүрөөк келип жатышынын негизги себеби - фермерлер эмгек акыны алардын өз жериндегиден эки-эки жарым эсе көп төлөйт. Башкача айтканда, ичкен-жегенинен тышкары терилген ар бир килограмм пахта үчүн 1-1,5 сом алышат.
Жергиликтүү байкоочулардын пикирлерине караганда, анын үстүнө аларга ырасмий бийлик, тартип коргоо органдары бейтарап мамиле жасашат, өзгөчө кысмакка алган учурлар сейрек кездешет. Ош облусунун Карасуу райондук администрация башчысынын биринчи орун басары Ахмаджан Махамадовдун пикиринде, жалданма жумушчулар күнүн келип иштеп, күндөлүк акысын алып, күнүн кетип турушат. Ошондуктан, аларды көзөмөлдөгөн киши деле болбойт:
-Көзөмөлдөгөн деле киши болбойт. Ырасмий болсо, анда келишим түзүш, салык төлөш керек болот. Биздикилер деле Казакстанга тамекиге барып атышпайбы. Ошо сыяктуу да. Ачык эмес. Утурумдук болгондуктан, эсеп да жүргүзүлбөйт.
Ахмаджан Махамадовдун айтымында, Карасуу районун аймагына келип жалданып иштегендердин саны 200 чамалаш.
Кыргызстандын Баткен облусуна жалданып иштегени Тажикстандан да атуулдар келип турушат. «Азаттык» радиосунун тажик бөлүмүнүн жергиликтүү кабарчысы Насибжан Аманбаевдин билдиришинче, өткөн жылы коңшу Исфарадан 500-600 чамалаш тажик Кыргызстанга келип, жалданып иштеп кеткен.
-Өткөн жылы мен Баткен облусуна барганда Тажикстандан келген аялдар жана жаштар жумуш кылып, күнүнө 30-35 сом аларына күбө болгом, - дейт Аманбаев.
Баткен облусунун губернатору Мамат Айбалаевдин пикиринде, өзбек, тажик мигранттары облус аймагына өтө аз каттайт. Анткени, бул маселе облустук бийликтин көзөмөлүндө турат:
- Бизде Өзбекстандан жанаТажикстандан келип иштегендердин саны аз. Мен бул маселеге өзүм кызыкдар болуп, көзөмөлдөп турам. Биздин өзүбүздө 9 миңге жакын киши ишсиз жүрөт. Алардын 5500 жумушсуздардын пособиеси төлөнөт. Ошолорду иштете албай атып, биз башка өлкөлөргө уруксат бербейбиз да. Областта миграциялык башкармалык бар. Ал ай сайын эки-үч жолу барып, чектеш айылдардагы жагдайды иликтеп, текшерип турат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG