Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

ПРОФЕССОР С.МУСАЕВ: «ЖАҢЫ ОРФОГРАФИЯНЫН АЙРЫМ ЖАКТАРЫНА ӨЗҮМ ДА МАКУЛ ЭМЕСМИН»


Санарбек Карымшаков, Бишкек Он төрт жылдан бери “мамлекеттик” деп аталып келаткан тилибиздин көйгөйлүү маселелери куду бүгүн да көкөйүбүзгө көк таштай тийип келет. Бул туурасында жакында жарыкка чыккан “Мамлекеттик тил: проблемалар жана көйгөйлөр” деген китептин автору, филология илимдеринин доктору, Бишкек гуманитардык университетинин ректору, профессор Сыртбай Мусаев айрым суроолорубузга жооп берди.

- Сыртбай мырза, “Мамлекеттик тил: проблемалар жана көйгөйлөр” аттуу жаңы китебиңизде адис тилчи катары мамлекеттик тилибиздин азыркы абалына байланыштуу кыйла орчундуу маселелерди көтөрүптүрсүз. Ошол китебиңизди жазууга эмне себеп болду? Китепке сыйбай калган ойлоруңузда болсо, “Азаттык” радиосунун угармандары менен бөлүшө кетсеңиз.

- Чындыгында эле мамлекеттик тил маселелери көкөйгө көк таштай тийип турган мезгил. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы эле бул маселенин мааниси канчалык зор экендигин айгинелеп турат. Ошол мыйзамга ылайык тилибиз “мамлекеттик тил” деген деңгээлге көтөрүлдүбү? Эгер көтөрүлбөй жатса анын негизги көйгөйлөрү кайсылар? Мына ушул маселелерге токтолуш керек. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда элдин 80% айыл жеринде жашайт, алардын 85% - кыргыздар. Ошондуктан “кыргыз тили жоголуп кетет” деген айрым вульгаризатордук көз караштар туура эмес. Анткени, айыл жергесинде жашаган 85% кыргыз кулактын кычуусун кандырган кыргыз сөздөрү менен сүйлөшөт жана жаза алат. Мамлекеттик тил маселеси бир эле жерде – Бишкекте. Бөлөк жерлерде маселе, көйгөй жок. Бишкекте гана тилибиз мамлекеттик тил статусуна чындап ээ боло элек. Борбор шаарыбыздын 125 жылдыгы орус тилинде өткөрүлүп, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы кыргыз тилинде эле өткөрүлдү го. Демек, олуттуу, расмий жыйындарды деле кыргызча өткөрүүгө болот экен да. Көрсө, маселе өзүбүздүн эле тоң моюндугубузда экен да.

- Сыртбай мырза, биз бая мурдагы мезгилдин шарданасы менен эле жыйындарда да орусча сүйлөп, иш кагаздарын да орусча жазып келатабыз. Бул бойдон жүрүп отурсак эне тилибиз мамлекеттик тил деген атына заты дал келбей арабөк кала берет да. Мындай абалдан чыгуунун жолдору кандай деп ойлойсуз?

- Мындай абалдан чыгуунун жолдору - мамлекеттик тил жөнүндө кабыл алынган мыйзамды аткарууда гана. Ал эми анын аткарылбай жатканы аткаминерлердин гана шалаакылыгынан болуп жатат. Ар бир жетекчи атуулдук арнамыс менен эне тили жөнүндө кам көрүп, мыйзамды аткарууга милдеттүү экендигин сезбей жатпайбы.

- Сиз кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин жаңы редакциясынын авторлорунун бирисиз. Ошол жаңы редакция тууралуу карама-каршы пикирлер айтылып келет. Оппоненттердин айткандарынан сиздерди ынандырган алгылыктуу жактары болдубу?

- Бул маселени тарыхынан баштабасак, элге түшүнүксүз болуп калат. Кыргыз тилинин орфографиялык эрежелери 1953-жылы бекитилген. Аларды биз 1985-жылга чейин колдонуп келдик. 1985-жылдан баштап орфография тууралуу ар кандай көз караштар пайда болуп, 360 макала чыккан. Алар жазуу эрежелери, тамгалар (куйруктуу, куйруксуз делген) тууралуу эле. Ар бир макалада орфография эрежелерин тактоо зарылдыгы айтылган. Ошол пикирлердин негизинде тилчилер төрт-беш топко бөлүнүп иштедик. Бирок бир тилчи туура деген нерсе экинчи бирине туура эмес көрүнүп туруп алат экен. Анткени тилдик кубулуштар өтө татаал болгондуктан, объективдүүлүккө караганда субъективдүүлүк басымдуулук кылып жатат. Орфография дегенибиз макулдашылган эрежелердин жыйындысы болушу керек. Ошол макулдашуу маселеси кыйынга туруп жатат. Албетте, оппоненттердин айткандарынын туура жактарын мен танбайм. Мен өзүм дагы жаңы эреженин 20% макул эмесмин. Кыскасы, талаш-тартыш уланып жатат. Белгилей кетчү нерсе – жаңы эрежеде биз эки эле нерсеге басым койдук. Биринчиси - кошмок, татаал сөздөрдүн, өзгөчө жер-суулардын аттарын бириктирип, жеңилдетип жазууга ыктадык. Экинчиси - варианттуулукка көңүл бурдук. Анткени, варианттуу сөздөр ылганып отуруп, учурдун талабына ылайыктуусу калат. Дагы бир жагы - сөздөрдү айтылышы боюнча жазууга жакындатсак деген пикирге келдик. Анткени тил – бул баарыдан мурда айтылыш. Жазуу кийин чыкты да. Албетте, талаштуу проблемалар көп. Анткени тилдин татаал маселелерин дароо эле бир эрежеге сыйдыруу мүмкүн эмес экен.
XS
SM
MD
LG