Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

ЛАТЫШТАРДЫН БАСЫМДУУ БӨЛҮГҮ ЕВРОПА БИРИМДИГИНЕ МҮЧӨЛҮККӨ ЫНТЫЗАР


Тынчтыкбек Чоротегин, Прага шаары Ишембидеги референдумда латыштардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн Европа Биримдигине мүчө болушун колдоп добуш беришти. Европалык комиссия жекшембиде латыштарды бул чечими менен куттуктады.

Европа Биримдигине мүчөлүккө өтүү маселеси боюнча референдум өткөргөн талапкер өлкөлөрдүн акыркысы – Латвия да калкынын басымдуу бөлүгүнүн бул жааттагы колдоосуна ээ болду. Ишембидеги референдумдун жыйынтыгы айгинелегендей, латыш шайлоочуларынын 72 пайыздан көбү бул өнөктүккө катышты. Шайлоочулардын 67 пайызы өлкөнүн Европа Биримдигине өтүшүн колдоп добуш берди, ал эми шайлоочулардын 32 пайызы ага каршы болду.

Латыш президенти Вайра Вике-Фрейберганын оюнча, калайыктын басымдуу бөлүгүнүн Евробиримдикке кирүү саясатын колдошу экинчи дүйнөлүк согуш бул улутка таңуулаган жагымсыз натыйжаларынын жокко чыгарылышына тете:

- Латвия үчүн бул – экинчи дүйнөлүк согуштун кесепеттеринин толук жоюлушуна, ошондой эле 1939-жылкы айтылуу Молотов-Риббентроп келишими тарабынан Европанын бөлүндүгө учурашынын түбөлүккө жокко чыгарылышына жетишүү болуп саналат.

Латвия пезиденти Вике-Фрейберга айым эми өлкө Европадагы өзүнүн нагыз ордуна кайрадан ээ болуп жатканына канааттанганын айтты.

Латвияда 644 миңдей орус тилдүү калайык жашайт. Алардын латыш атуулдугун ала элек бөлүгү 20-сентябрдагы референдумга катыша алган жок. Совет доорунда Латвияга келип, мында байырлап калып калган орустардын басымдуу бөлүгү өлкө Орусиядан ого бетер обочолойт деп чочулоодо. Латвиянын Евробиримдикке кириши менен жаркын болочокко жетүүгө ынтызар орус тилдүүлөр да жок эмес.

Референдумдун өкмөт үчүн жагымдуу натыйжасы жарыяланган дурус маанайга көлөкө түшүргөн жагдай – коалициялык өкмөттөгү ынтымакка жик кеткени болду. Коалициялык өкмөттүн мүчөсү - Латвиянын Биринчи партиясы премьер-министр Эйнарс Репсе кызматтан чегинбесе, анда азыркы төрт партиядан түзүлгөн чордондук-оңчул коалициядан чыга турганын бүгүн да эскертти. Дүйшөмбү күнү коалициялык өкмөттөгү шериктердин өз ара сүйлөшүүлөрү улантылаары күтүлүүдө.

Европа Биримдигинин аткаруу бийлиги – Еврокомиссия - латыштардын референдумунун жыйынтыгын кызуу кубаттап чыкты.

Малта, Словения, Мажарстан, Литва, Словакия, Польша, Чехия жана Эстония буга чейин эле референдум өткөрүп, Европа Биримдигине өтүүнү чечишкен. Кипр болсо бул маселе боюнча атайын референдум өткөрбөйт. Бул он өлкө келээрки жылдын май айынан тартып Европа Биримдигине мүчө болуп калмакчы.

XS
SM
MD
LG