Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:02

Борбор Азия өлкөлөрүнүн лингвисттеринин Сеулдагы жыйынына Кыргызстандын өкүлдөрү да катышууда


БИШКЕК. Бүгүн Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин лингвисттеринин 10 күндүк жыйыны башталды. Анда Борбор Азия мамлекеттеринин лингвист-адистери Түштүк Кореянын билим берүү системасынын айрым өңүттөрү менен таанышышат. Жыйынга Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун чыгыш таануу факультетинин деканы Тынчболот Жуманалиев жана № 18-орто мектептин директору Вера Бредихина катышат. Бул тууралуу маалымат «Кыргыз-инфо» агенттигинен алынды.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Аманбек Жапаров

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG