Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Бүгүн Галилео жандоочусу жок кылынат


17-кылымда окумуштуу Галилео Галилейди христиан чиркөөсү жок кылса, 21-кылымда анын атын алып жүргөн спутникти америкалык окумуштуулар жок кылат. Спутник 1 миллиард 400 миллион доллар туруп, Юпитерге чейин 4 миллиард 500 миллион чакырым аралыкты учуп өттү жана 14 жылда 14 миң даана сүрөт тартып, Жерге жиберип турду. "Галилеонун" Юпитер планетасынын Европа деген айына кулап түшүшүнө жол бербөө үчүн, ал бүгүн кечинде жардырылат. Бул тууралуу Галилео миссиясында иштеген аалым, доктор Розали Лопез буларды билдирди:

- Европа айы ичинен ысып турат. Ал эми жылуулук бар жерде, ага кошумча суу болсо, тирүүлүк да болушу мүмкүн. Ушундан улам биз бул айды Жерден келген космос кемесинин (микробдору менен) булгап алуудан өтө этиет болушубуз керек.

XS
SM
MD
LG