Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55

Кол башчылардын өз ара кармашынын айынан, оогандар үйлөрүн таштап качышууда


Бириккен Улуттардын качкындар агенттиги билдиргендей, Ооганстандын борбордук Уразган вилайетинде үч айылдан 60 түтүн эл үй-жайын таштап качты. Дай Кунди ооданында өткөн айдын этегинде эки аскер башчысы төрт күн согушкан эле. Жакында кан төгүү кайра күчөп, бирок бүгүнгө карата пастап калды. Бириккен Улуттары да, Уразган провинциясынын атка минирлер да жоготуулар тууралуу маалымат беришкен жок. Коопсуздуктун начарлашынан улам, түндүктөгү Фабяр, чыгыштагы Каписа провинцияларынан да элдер орун которуп кетишүүдө.

XS
SM
MD
LG