Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

Президент Путин АКШнын отун-энергия базарына мунай сатуу көбөйтүлсүн деп тапшырма берди


Бүгүн Санк-Петербугда отун-энергия маселеси боюнча Россиялык-АКШлык ири жыйын ачылат.
Жыйынга эки өлкөнүн министрлери, мунай өндүрүүчүлөрү катышат.
Президент Владимир Путин Россия менен Америка Кошмо Штаттарынын энергия жаатындагы кызматташуусу “маанисиз болууда” жана кызматташуу кескин жакшыртылышы зарыл деп санайт.
Мындай билдирүүнү Путин кечээ күнү Москвада АКШнын энергия министри Спенсер Абрахам жана соода министри Дон Еванс менен болгон жолугушуудан кийин жасады.
Анын айтышынча, АКШ энергия булактарын кеңейтүүнү көздөп жатканын пайдаланып, Россия карай май экспорттоону жакшыртыш керек.
Былтыр Россиянын мунайы АКШнын импортунун 1,3 процентин араң түзгөн жана быйыл бул көрсөткүч 4 проценттен көпкө өскөн.
Еванс мырзанын сөзүнчө, Кошмо Штаттары келечекте Россиянын энергия секторуна ири көлөмдө инвестиция салышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG