Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Британ жана испан өкмөт башчылары Ирак маселесин талкуулашты


Британиянын премьер-министри Тони Блэр жекшемби күнү Испаниялык өнөгү Хосе Мария Аснар менен кездешти.
Аснар Кошмо Штаттары менен Британиянын жыл башында Иракка каршы согуш ачуу чечимин жактаган.
Блэрдин кеңсесинин маалымдашынча, жолугушууда жалпы европалык проблемаларга катар Ирак боюнча эл аралык мунасага жетишүү маселеси да талкууланган.
Блэр ишемби күнү Франциянын президенти Жак Ширак жана Германиянын канцлери Герхард Шрөдер менен Берлинде жолугушкан эле. Үч лидер Иракты кайра курууда жана бийликти Ирак жетекчилигине өткөрүп берүүдө Улуттар Уюму маанилүү ролду ойношу керек экенин ырасташкан. Бирок бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүү боюнча тараптар бир пикирге келе алышкан эмес.

XS
SM
MD
LG