Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Кант аскерий базасын колдонуу боюнча Кыргызстан-Россия ортосундагы келишимге Москвада кол коюлат


Кыргызстандын президенти Аскар Акаев бүгүн Москвада Россия президенти Владимир Путин менен кездешет.
Жолугушууда талкууланчу негизги маселе Кыргызстанда Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин терроризмге каршы күрөшүү базасын түзүү жөнүндө болот деп күтүлүүдө.
Тараптар Кыргызстандын байтакты Бишкектен 30 чакырым алыстагы Кант аскерий базасында 400-500 чамасындагы россиялык жоокерди жана согуштук 12 учакты жайгаштыруу жөнүндөгү келишимге да кол коюшат деп билдирет ИТАР-ТАСС агенттиги.
Бул келишимге ылайык, КМШ өлкөлөрүнүн Коллективдүү коопсуздук келишимине мүчө өлкөлөр да өз аскерлерин Канттагы базага жайгаштыра алат.

XS
SM
MD
LG