Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:58

Бүгүн Москвада Кыргызстандын «Кант» аба майданына Орусиянын аскер-аба күчтөрүн Кыргызстанга жайгаштыруу тууралуу макулдашууга кол коюлду. Мындай иш-чара ушу тапта иш сапары менен Орусияда жүргөн президент Аскар Акаев менен президент Владимир Путиндин жолугушуусунун алкагында ишке ашты. Документке Орусия менен Кыргызстандын коргоо министрлери Сергей Иванов жана Эсен Топоев кол коюшту.

Орусиянын аскердик базасы «Кант» аба майданына Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун курамында жайгаштырылышы керек. Уюмга кирген мамлекеттер Дүйшөмбү шаарында өткөн апрелдеги отурумунда ушундай макулдашууга келишкен. Эки өлкө ортосунда болсо бул багытта камылгалар былтыр эле башталган. Жыл этегинде «Кант» аба майданынын мүмкүнчүлүгүн сыноо иш-чарасы өтүп, ага орусиялык СУ-27, СУ-25 үлгүсүндөгү бир катар аскерий учактар катышкан. Бул иш-чарага келген Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Орусиянын Аскер-аба күчтөрүнүн айрым бөлүгүн жайгаштырууга «Кант» аба майданы жарактуу экенин белгилеген. Ушул эле маселе былтыр 5-декабрда Владимир Путиндин Кыргызстандагы иш сапарынын учурунда эки президент талкуулаган негизги маселелердин бири болгон. Орусиянын аскер-аба күчтөрү Борбор Азия аймагында коопсуздукту сактоо максатын көздөйт. Ал эми Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев бул тууралуу мындай маалымат берген:

- Тез аракеттенүүчү жамааттык күчтөрдүн компоненти катары жайгашмакчы болгон бул күчтөр региондун коопсуздугун эле эмес, биздин өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо милдеттерин да аткарат. Бул өз кезегинде туруктуулукту, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздайт.


«Кант» аба майданын даярдоо боюнча эки өлкөнүн коргоо министрликтери тыгыз кызматташып, камылгалар тууралуу маал-маалы менен маалымат таратып келишет. Бирок тараптар каржылоо маселеси тууралуу кеңири маалымат берүүнү ылайык санашкан жок. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, макулдашууга ылайык эми Кыргызстанга 500 чакты орусиялык аскер кызматчысы жана 12 аскерий учак жайгашат. Орусиялык аскерий база аткарган милдети боюнча азыр «Манас» аба майданында жайгашып турган Эл аралык антитеррордук коалицияга кайчы келбейт. Бирок негизги айырмасы – Орусиянын аскер күчтөрү Кыргызстанга узак мөөнөткө жайгашат.

- «Манас» аба майданындагы Эл аралык антитеррордук коалициянын аскер-аба күчтөрү Ооганстандагы «Майтарылбас эркиндик» операциясын колдоо максатында жайгашкан, - дейт тышкы иштер министри Аскар Айтматов. - Башкача айтканда, анын милдеттери бир жыл мурда кабыл алынган макулдашууда так аныкталган. Ал эми «Кант» боюнча болсо кадам жасалды. В. Путин өзү белгилегендей, бул үчүнчү өлкөгө каршы багытталган эмес. Анын Ганси атындагы базадан айырмасы – ал Борбор Азия аймагындагы коопсуздукту камсыздоо максатында узак мөөнөткө жайгашат.

Расмий Бишкек «Кант» аба майданына аскердик күчтөрдүн жайгашып жатышын Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташтыктын жаңы тепкичке көтөрүлүшү катары баалап жатат. Ошондой болсо да Кыргызстандын саясий чөйрөсү муну Орусиянын Борбор Азия аймагында өз таасирин күчөтүү аракети катары сыпаттоодо. Маселен, депутат Ишенбай Кадырбеков мындай дейт:

- Орусия «ар бириңер өзүңөрчө оокат кылып алгыла» деп, өзү четке чыгып кетип калган да. Азыр эми В. Путиндин саясаты ушундай болуп атат - КМШ мамлекеттери эле эмес, Кубада, Вьетнамда да «СССР убагында мамиле кандай болсо, ошондой кылалы» деген геосаясатты жүргүзүп жатат. Менин оюмча, бул маселеде деле Кыргызстан Орусиянын ыктыярынан чыга албай, макул болуп атат.

Азырынча Орусиянын күчтөрүн Кантка жайгаштырууга олуттуу каршылык көрсөткөндөр байкала элек. «Дүйнөдөгү эки таасирдүү мамлекет колдогон аскерий күчтөрдүн жайгашуусунан Кыргызстан утуш гана алат» дешет айрым байкоочулар. Депутат Ишенбай Кадырбековдун пикиринде, «Кант» аба майданына байланыштуу 22-сентябрда кол коюлган Москва макулдашуусун Жогорку Кеңеш колдоп берээринде талаш жок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG