Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:47

САЛАМАТТЫК САКТОО ТАРМАГЫ ПАРЛАМЕНТТЕ СЫНГА АЛЫНУУДА


Саламаттык сактоо тармагында акыркы 10 жылда жүргөн реформа бийлик тарабынан «кыргыз керемети» деген баа алган. Реформаны ишке ашыруу максатында «Манас» программасы баштаган 9 документ кабыл алынып, чет мамлекеттен миллиондогон доллар каражаттар алынган. Бирок айрым талдоочулардын пикиринде, мындай иш-аракеттерге карабай, саламаттык сактоо тармагында кемчиликтер көп. Алардын пикиринде, кызмат көрсөтүүнүн жана дары-дармектин кымбаттыгынан жыл өткөн сайын калктын ден-соолугу начарлап баратат.

Саламаттык сактоо министрлигинен алынган маалыматка караганда, өлкө боюнча 2001-жылы оорулуулардын жалпы саны 1995-жылга салыштырганда 20% өскөн. Айрыкча кургак учук, кептөөр, аз кандуулук жана жүрөк-кан-тамыр илдеттерине чалдыккандар көбөйгөн. Бирок бул тармакка мамлекеттик бюджеттен бөлүнүүчү каражаттын көлөмү жыл өткөн сайын азайууда.

- Эгер 1996-жылы улуттук дүң продукциянын 3,6% саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн болсо, 2001-2002-жылдары тармакка бөлүнгөн каражат 1,8% чейин кыскарган. Быйыл болсо акча былтыркы жылдын ушул убагына караганда дагы 16 млн. сомго аз бөлүнүптүр. Ошол эле маалда мамлекеттик башкарууга – чиновниктерге - 180 млн. сом көп акча каралган, - дейт депутат Ташболот Балтабаев.

Анын айтымында, Каржы министрлиги, демек өкмөт мыйзамдарда жазылган милдеттенмелерин аткарбай, оорулууларды дарылоого акчаны толук бөлбөй жатат.

- Финансы министрлиги 16 жашка чейинки балдарды, майыптарды жана пенсионерлерди дарылоо максатында Камыздандыруу фондуна акча бөлүп турууга тийиш. Бүгүн ал бар болгону 16-20% гана аткарылууда, - дейт кесиби дарыгер, депутат Ташболот Балтабаев.

Саламаттык сактоо тармагын реформалоо максатында «Манас» программасы баштаган 9 документ кабыл алынып, аларды турмушка ашырыш үчүн четтен миллиондогон доллар каражаттар тартылган. 19-сентябрь күнү Жогорку Кеңеште тармактын абалы талкууланган учурда саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов депутат Азимбек Бекназаровдун суроолоруна жооп берип жатып, канча каражат келгени жана алар кимдер тарабынан алынганы тууралуу мындай деди:

- Чындыгында башынан берки келген акчаны эсептегенде, 80-90 млн. долларга жетип калды.

Бекназаров суроо узатты:

- Ким алат ал акчаны? Кыргыз өкмөтү, министрлик түз алабы же «Мээрим» фонду аркылуу алабы?

- «Мээрим» фондунун эч кандай тийешеси жок бул жерде…

- Гуманитардык жардам, гранттарды – бардыгын өзүңүздөр аласыздарбы?..

- Гумжардамдын кээ бирлерин «Мээрим» фонду аркылуу алабыз, кээ бирлерин түз алабыз, -
деди министр Миталип Мамытов депутат Азимбек Бекназаровдун суроосуна жооп узатып.

Депутат Адахан Мадумаров «саламаттык сактоонун советтик системасын бекер талкаладык, анын ордуна жаңы система түзө алган жокпуз, андыктан бул реформалардын саясий багытын кайра карап чыгыш керек» деген сөзүн айтты.

- «Манас» программасына ылайык 15 жылда чет өлкөдөн 33 млн. доллар каражат алат экенбиз. Ал акчаны 15 жылга бөлсөк, ар бир жылга 90 млн. сомдон туура келет экен. Эми ошол 90 млн. сомду алабыз деп, ушундай реформаны жүргүзүүгө баруунун кажети бар беле? - дейт Адахан Мадумаров.

Кыргыз парламентинин дагы бир өкүлү Темир Сариев да «өкмөт саламаттык сактоо тармагындагы саясатын өзгөртүүгө тийиш» деп эсептейт. Депутат өлкө боюнча оорунун алдын алуу иштеринин такыр эле жүргүзүлбөй калганын мындайча мисалга тартат:

- Өкмөт ушул иштерден жыйынтык чыгарып, саламаттык сактоо тармагы боюнча өз саясатын өзгөртүүгө тийиш. Кээ бир ооруну аныктоочу жабдуулар өлкө боюнча бир-экиден эле. Айылдыктар «эмне дарт экенин билет элек» деп Бишкектеги Диагностикалык борборго 10-15 күндөп кезекке турушат. Бул эмнеге министрди ойлонтпойт!?

Мыйзам чыгаруу жыйынынын кээ бир депутаттары саламаттык сактоо тармагына кошумча төлөм системасынын киргизилгенин жакырларга урулган катуу сокку катары баалашты. Алардын пикиринде, биринчиден ооруканага жакырлар көп барат, экинчиден жакыр жашагандардын көбү - жумушсуздар. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыккан эрежелерде жумушсуздарга медициналык жеңилдиктер такыр каралган эмес. Депутат Азимбек Бекназаров кошумча төлөө киргизүү туралуу жобо мыйзамсыз колдонулуп жатканын айтат.

- Кошумча төлөө акысы мыйзамсыз алынып жатат. Анткени, анын жобосун өкмөт өз токтому менен бекитип коюптур. Бул болсо Конституцияга каршы келет, - дейт А. Бекназаров.

Анын пикирин колдоого алган Ташболот Балтабаев «өкмөт дал ошол жакыр жашагандарды жана жумушсуздарды дарылоо милдетин өз мойнуна алууга тийиш эле» деген ойдо.

- Бүгүн дарылануу мүмкүн болбой калды. Эгер акчаң жок болсо, сени оорукана кабыл албайт. Ал эми ооруканага баргандардын 80-90% - жакыр жашагандар. Эми министрлик киргизген эреже боюнча алар 190 сомдон 2000 сомго чейин акча төлөп, дарыланып жатышат, - дейт Ташболот Балтабаев.
XS
SM
MD
LG