Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ДҮЙНӨЛҮК СООДА УЮМУНУН МЕКСИКАДА ӨТКӨН КОНФЕРЕНЦИЯСЫНАН КАЙТЫП КЕЛДИ


Сапар Орозбаков, Бишкек Дүйнөлүк Соода Уюмунун Мексиканын Канкун шаарында болуп өткөн V министрлер конференциясына катышкан Кыргызстандын делегациясы жекшемби күнү Бишкекке кайтып келди. Делегациянын мүчөсү, Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин алдындагы тышкы экономикалык байланыштар жана Дүйнөлүк Соода Уюму боюнча департаменттин директору Анархан Рахманова бизге конференцияда эмне маселелер көтөрүлүп, алар кандай чечилгендигин айтып берген.

Кыргызстан - ички дүң продуктусунун 1/3 айыл чарбасы берген, калкынын көбү айыл жеринде жашаган агрардык өлкө. Ал эми Дүйнөлүк Соода Уюмунун Мексиканын Канкун шаарында өткөрүлгөн V конференциясы дал ушул - айыл чарбасына субсидия берүүнү азайтуу жана айыл чарба продукциясынын бажы тарифтерин төмөндөтүү маселесин - караган эле. Андыктан бул конференциянын Кыргызстан үчүн мааниси зор болчу.

- Европада айыл чарбасына субсидия берилет. Мисалы, ал жакта фермерлерге “баланча-түкүнчө айда” деп акча берилет. Бизде андай жок. Ал жакта айыл чарбасына субсидия берилбесе, алардын товарлары биздин товарлар менен барабар болуп калат. Биздин товарлар атаандаштыкка туруктуу болот. Биздин товарлардын сапаты жогору болуп, экологиялык жактан таза болгондуктан, биздин товарлар ал түгүл өтүмдүү болуп чыгат, - деди Анархан Рахманова. Анын айтымында, кыргыз делегациясы конференцияда айыл чарбасын либералдаштыруу тууралуу Бразилия, Индия, Кытай өңдүү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн позициясын колдоп чыккан. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбековдун конференцияда сүйлөгөн сөзүндө да айтылган. Бирок Кыргызстан кичине өлкө болгондуктан, кыргыз делегациясынын аракети натыйжа берген эмес. Конференция, массалык маалымат каражаттары эчак билдиргендей, жыйынтыксыз аяктаган.

- Бул конференцияда министрлер бир пикирге келишкен жок. Бирок анда кабыл алынган декларацияда “Женевада кезексиз конференция өткөрүлүп, бул маселени талкуулоо ошол жерде улантылат“ деп жазылды. Ошондо кайсы мамлекет качан тарифтерди либерализациялай турганы чечилет. Конференция ушундай жыйынтык менен бүттү, - деди Анархан Рахманова. Анын айтымында, Кыргызстандын делегациясы деңизге чыгаар жолу жок өлкөлөр түзгөн топко кирип, анын ишине активдүү катышкан.

- Парагвай, Монголия кирген, деңизге чыгаар жолу жок өлкөлөрдүн “Локк ленд кантри” деген тобу түзүлдү. Ага Казакстан байкоочу катары катышып жатат. Биз ушул топко кирдик. Биздин товарлар арзан деңиз жолу менен эмес, кымбат жер үстүндөгү транспорт менен ташылат. Ошон үчүн биз «башка өлкөлөр биздин товарларга таптакыр тариф койбосун» деген талап коюп жатабыз, - деди Анархан Рахманова. Анын айтканына караганда, Кыргызстандын делегациясы Түркиянын, Орусиянын жана Украинанын делегациялары менен сүйлөшүү өткөргөн. Украин делегациясын баштап барган вице-премьер-министр Николай Азаров Украина Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирип жатканына байланыштуу Кыргызстандын макулдугун сурап кайрылган. Кыргыз делегациясы болсо «Украина өзүнүн Кыргызстанга карызын мойнуна алмайынча, протоколго кол койбойбуз» деп жооп берген. «Тышкы карыз маселесинин Дүйнөлүк Соода Уюмуна кандай тиешеси бар? Биз ал маселени ошол жерде коюуга укуктуубузбу?» - деген биздин суроого:

- Дүйнөлүк Соода Уюмунун келишимдеринде “уюм соодага байланыштуу маселелерди жана башка маселелерди карайт” деген жазуу бар. “Башка маселелерге” бардык маселелер кире берет. Ага ал түгүл саясий маселелер да кирет. Биз мүчө болуп кирип жатканда бизге да саясий маселелерди коюшкан. Биз кайсы өлкө болсо да каалаган маселе коюуга акылуубуз, - деп жооп берди Анархан Рахманова.

XS
SM
MD
LG