Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:00

ОРУСИЯДА КЫРГЫЗСТАН КҮНДӨРҮ БАШТАЛУУДА


Муса Мураталиев, Москва калаасы http://gdb.rferl.org/6DB84D12-3A84-436E-9058-B11A6765CC03_w203.jpg --> http://gdb.rferl.org/6DB84D12-3A84-436E-9058-B11A6765CC03_mw800_mh600.jpg Орусиялыктар бүгүнтөн тартып, алдыдагы беш күн бою Кыргызстандын пост-советтик доордо маданиятта, адабиятта, саясатта жана экономикада жетишкен ийгилиги менен таанышмакчы.

1958-жылы Алатоодон ат арытып Маскөөгө келишкен кыргызстандык делегация өкүлдөрү, куду азыркыдай жаңылануу жараяны болгонун кеп кылышкан. Бирок алатоолуктардын азыркы жолку орусиялык кең калаага келиши башкача шаани - максатта экенин, Кыргызстан бул чараларды мамлекеттик эгемендигинин он экинчи жылында уюштуруп жатканын айттырбай эле түшүнсө болот.

Чоң саясатта Кыргызстан эки улуу мамлекеттин – АКШ менен Орусиянын аскердик күчүнө өз жеринен конуш берип, өзгөчө максатты көздөгөнү көрүнүп турат. Ички саясатта болсо феодализм жышааны аралашкан авторитардык режимдин калган-каткан көрүнүштөрү бирде күчөп, бирде алсырап келээри маалым.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгынын дүйнөдө белгиленишине байланыштуу Маскөөдө Кыргызстандын маданиятынын беш күндүгүнүн ачылышына саналуу саат калганда, Кремлдин кызыл сепилинин ичинде президент Владимир Путин алатоолук коногу президент Аскар Акаев менен сүйлөшүү жүргүздү.

Эки жетекчи бири-бирине жылуу сөздөрүн айтышкандан соң, Путин “Кыргызстандын күндөрү” иш-чараларын «жагымдуу жана жаркыраган окуя» деп баалады.

Бишкек менен жетишилген бүгүнкү аскердик келишим да чоң дуу сөздү жаратты. Баса, Кант аскер базасы тууралуу келишимге эки өлкөнүн коргоо министрлери Эсен Топоев менен Сергей Иванов кол коюп жаткан чакта, бул жөрөлгөгө президенттер да күбө болуп турду.

Орусиянын лидери бул окуяны да оң баалады:

- Бул алгачкы кадам (ошондой эле) биздин Кыргызстанда аскердик базабыздын жайгашуусун юридикалык жактан тартипке салды.

Кечөөтөн бери бул окуяга кулак кагып, «биздин өлкө чет мамлекетте биринчи жолу согуштук база ачканы жатат», - деген жоромолдорун айткан маскөөлүктөр да арбын болду. Айрым анализчилер пикиринде болсо, андай базанын Орусия үчүн эч кереги жок. Маселен, мындай пикирди айтылуу аскердик маселелер боюнча адис Павел Фелгенгауэр бизге телефон аркылуу билдирди:

- Азыркы тушта ал жакта Орусиялык базанын болушунун эч кандай кереги жок. Башкача айтканда, ал жакта азыр согуштук кармашуулар болуп жаткан жери жок, жакында андайдын болуп кетээри деле байкалбайт.

Кыргыз президенти Акаев болсо Канттагы аскер базасынын ролун өзгөчө жогору баалады:

- Ал учактык база жаңы коркунучтар менен күрөшүүдө тирек болуп кызмат этээрине мен ишенем.

Кыргызстан күндөрүнүн ачылышына арналган салтанаттуу каада иш-чаралар кечинде Чоң театрдын төрүндө өткөрүлмөкчү.
XS
SM
MD
LG