Бүгүн Орусиянын Санкт-Петербург шаарында АКШ менен Орусиянын ортосунда энергетика маселеси боюнча саммит болот. Ага орус тараптан экономика министри Герман Греф, энергетика министри Игорь Юсуфов, ал эми АКШ тараптан соода министри Доналд Эванс жана энергетика министри Спенсер Абрахам катышат. Жекшемби күнү орус президенти Владимир Путин менен жолугушууда Доналд Эванс АКШ Орусиянын энергетика секторуна инвестиция салууну караштырып жатканын билдирди. Анын айтымында, АКШ кызыккан өзгөчө келечектүү долбоорлор - Сахалин кенин өздөштүрүүгө катышуу жана суюлтулган газ сатып алуу.