Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

ОРУС-КЫРГЫЗ МАДАНИЙ АЛАКАЛАРЫНЫН ЖАҢЫ БАРАГЫ


Төрөкул Дооров, Москва шаары Бүгүн, 22-сентябрда Кыргызстандын Орусиядагы маданият күндөрү башталды. Алдыдагы төрт күн бою Орусиянын баш калаасы Москва шаарынын бир катар концерттик залдары менен театрларында, китепканалар менен музейлеринде кыргыз маданиятын даңазалаган иш-чаралар, көргөзмөлөр өткөрүлмөкчү.

Аптанын биринчи күнү Орусияда Кыргызстандын маданий күндөрүнүн жаңы барагын ачты. Бүгүн Москвадагы Итар-Тасс маалымат агенттигинде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимовдун, билим берүү жана маданият министри Ишенгүл Болжурованын жана Орусиянын маданият министри Михаил Швыдкойдун катышуусунда бул иш-чарага арналган пресс-конференция өттү.

Анда маалымдалгандай, Кыргызстандын Орусиядагы маданият күндөрүнүн ачылыш аземи бүгүн Мамлекеттик Академиялык Чоң театрда өтүп, ушул эле күнү Кремлдин «Курал-жарак палатасында» Кыргызстан тарыхын сүрөттөгөн көргөзмө ачылат. Ал эми 23-сентябрь күнү Чыгыш элдеринин маданият музейинде Кыргызстан сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылса, Москвага жакын бир канча шаарларда Кыргызстандын маданият ишмерлеринин катышуусунда концерттер коюлмакчы.

Мындан сырткары, Орусиянын бир катар телеканалдары аркылуу жана Москвадагы Кино үйүндө кыргыз киноматографисттеринин тасмаларыэмгектери көрсөтүлөт жана Орусиянын борбордук китепканасында китеп көргөзмөсү, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл кечеси өтөт.

Кыргызстандын билим берүү жана маданият министри Ишенгүл Болжурованын айтымында, быйылкы мааракенин мааниси өзгөчө:

- Биринчи жолу Кыргызстандын маданият күндөрү 1939-жылы болуп, анда биринчи жолу Жоомарт Бөкөнбаев жазган «Алтын кыз» музыкалык драмасы, «Айчүрөк» операсы аткарылган. Андан сырткары, Саякбай Каралаев биринчи ирет улуу «Манас» эпосун даңазалап, көрсөткөн. Ал эми экинчи жолу 1958-жылы өтсө, үчүнчүсү 1967-жылы болгон. Төртүнчү жолу Кыргызстан маданият ишмерлери быйылкыдай чоң курамда 1986-жылы келишет. Ошентип, бешинчи ирет быйыл келип олтурабыз. Бул жолку иш-чаралардын, дегеле маданият күндөрүнүн мааниси аябагандай зор. Анткени, биз бул жолу Эгемендүү мамлекет катарында, өзүбүздүн тээ байыркы кылымдардан бери келаткан тарыхыбызды, нукура улуттук маданий байлыгыбызды көрсөтүүчү маданий программа менен келип олтурабыз.

Ал эми Орусиянын маданият министри Михаил Швыдкой кыргыз маданиятынын дүйнөлүк алкактагы орду тууралуу сүйлөп, анын мааниси орусиялыктар үчүн да өзгөчө экендигин айтты.

- Ч.Айтматовдун, ошондой эле кыргыз элинин башка чыгаан жазуучуларынын чыгармачылыгы аркылуу кыргыз адабияты биздин аң-сезимибизде дайыма жашап келген. Менин оюмча, он жылдан ашуун мезгилден бери эки мамлекеттин турмушу эки башка нукта өнүгүп келатканына карабастан, ортобуздагы маданий алакалар үзүлүп калган жок.

Орусиялык министрдин сөзүнө кошулган жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айтымында, бүгүнкү негизги талап катарында эки тараптын тең баардык тармактарда биргелешип иштешүүсүн таануу керек.

- Тарых бизди бир канча ирет бөлүп коюуга аракет жасады. Анткен менен, биз биригишүүбүз зарыл экендигин сезип келебиз. Анткени Орусия менен Кыргызстан цивилизациянын бир өнүгүү жолунда турат. Бул иш-чара мезгил өткөн сайын өзүнүн адатка айлануучу белгилерин тааный баштаса дейм. Мезгили келгенде, адатынча, биз сиздерге келип, буга чейин жасалган иштерге көз чаптырып, баа берсек деп тилейм, - деп белгилейт жазуучу Чыңгыз Айтматов.
XS
SM
MD
LG