Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:52

Москвада Кант аба майданы боюнча келишимге кол коюлду


Бүгүн Орусиянын борборунда президенттер Аскар Акаев жана Владимир Путиндин катышуусунда Кыргызстан менен Орусиянын коргоо министрлери Эсен Топоев жана Сергей Иванов Кант аба майданында орус аскерий базасын түзүү келишимине кол койду. Аскар Акаевдин айтымында, орус аскер базасынын Кантта жайгашуусу акыркы убакта региондо пайда болгон коркунучтарга каршы турууда негизги таяныч болот. Ал эми Владимир Путиндин сөзү боюнча, келишимге кол коюу «Кыргызстанда Орусиянын аскерий базасынын жайгашуусуна жасалган алгачкы юридикалык кадам болуп калмакчы». Маалыматка караганда, Кант аба майданында 400-500 орус аскердик кызматкерлери жана 12 аскерий учагы жайгашмакчы. Орус президенти Орусиядагы Кыргызстандын маданий күндөрүнүн ачылышын да куттуктап, бул өтө жагымдуу көрүнүш деп атады.

XS
SM
MD
LG