Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:59

МИНА КӨЙГӨЙҮН КЫРГЫЗСТАН КАНТИП ЧЕЧЕ АЛАТ


Мина колдонууга каршы өнөктүктүн активисттери ушул күндөрү Таиланддын баш калаасына чогулуп, Бириккен Улуттар уюму менен бирдикте эл аралык конференция өткөрүп жатышат. Делегаттар дүйнөнү минадан арылтуунун жол-жоболорун талкуулап жатышат. Куралдын бул түрүнөн запкы тартып келаткан аймактардын бири – Борбор Азия. Aнын ичинде Кыргызстанда минага жарылып, жылыга 4-5 киши набыт болот. Кыргыз-өзбек чек арасына жайгаштырылган миналарды жок кылуу аракеттеринен көп майнап чыга элек. Кыргызстан бул проблеманы кантип чече алат?

: 15-сентябрда башталган беш күндүк Бангкок жыйыны минаны пайдаланууну, өндүрүүнү жана сактоону токтотуу боюнча иш-аракеттерди сыдыргыга салууда. Өткөн жылы 69 өлкөдө 4 миллион мина жок кылынган. Бул - алдыңкы жылдагыдан жогору көрсөткүч. Ошондой эле жерди минадан тазалоо иштерине каражат 30 пайызга көбөйгөн.

Бирок Жер шарында мина өндүрүү жана колдонуу токтой элек, минага жарылып, ажал тапкан, майып болгон бейкүнөө адамдардын саны да көбөйгөндөн көбөйүп баратат. Бүгүнкү күндө дүйнөдө 82 өлкө минадан жапа чегет. Алардын бири – Кыргызстан. Эл аралык терроризм жана исламдык экстремизм коркунучу деген шылтоо менен Өзбекстан 1999-жылдан бери кыргыз, тажик чек араларына жүздөгөн мина койдурган. Кыргызстанда акыркы үч жылда 13 киши минадан каза таап, андан да көп сандагы адамдар майып болду. Курмандыктардын баары – Баткен облусунда. Ансыз да экономикалык жактан жармач облустун калкы бир топ малынан да ажырады.

Минага тыйуу салган эл аралык келишимге Борбор Азияда Түркмөнстан менен Тажикстан гана кошулган, ошол эле убакта Түркмөнстан 70 миң чакты минасын жок кылуудан баш тартып келатат.

Жер миналарын колдонуу – эл аралык мыйзамды бузууга жатат. Бул үчүн өлкө сөзсүз эле 1997-жылдагы минага каршы конвенцияга мүчө болушу керек эмес. Бул тууралуу Бангкок жыйынынын катышуучусу, "Минага тыйуу салуу боюнча эл аралык өнөктөштүк" уюумунун маалымат катчысы Сью Уикслер мындай дейт:

- Эл аралык мыйзамдар жер миналарына тыйуу салат. Алар - зордукчулуктун куралы болуп саналат жана курмандыктарын ылгабай жайлайт. Ошондуктан мина колдонууну токтотпогон өкмөттөр, келишимге кошула элек болсо да, эл аралык гуманитардык мыйзамдарды бузуп жатышат.

Уикслердин уюму мындан бир нече жыл мурда минага каршы талыкпаган күрөшү үчүн Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татыган.

Мина колдонуп, бирок аны тазалоо ишин артка тартып келаткан Өзбекстандын өкмөтүнө кандай чара колдонууга болот? Мен ушул суроо менен Ташкендеги "Адам укуктарын коргоо" коомунун төрагасы Талиб Якубовго кайрылдым.

- Биздин укук коргоочу уюм бул маселени бир нече жолу көтөргөн. Бирок абройлуу эл аралык уюмдар дээрлик эч нерсе кылбай жатышат. Кыргыз, тажик өкмөттөрүнүн тынчсыздануусун түшүнөм, бирок өзбек бийликтери Өзбекстанды аймактагы эң ири мамлекет деп, өз билгениндей иш кылат жана кыргыз, тажик өкмөттөрүнүн аракеттерин жетиштүү деңгээлде көңүлүнө албайт. Демек, өзбек өкмөтүн чек ара аймактарды тез арада миналардан арылтууга мажбурлаш керек. Мисалы, Европалык Өнүктүрүү жана кайра куруу Банкына кайрылыш керек. Бул банк май айында Өзбекстандын өкмөтүнө белгилүү шарттарды койгон. Банктан грант алыш үчүн, өзбек өкмөтү ал шарттарды аткарышы керек.

Кыргызстан бир топ убакыттан бери Ташкенден миналардын картасын ала албай жүрөт. Якубовдун айтымында, өзбек бийликтеринде мындай карта жок болушу да ажеп эмес:

- Кырдаал өзгөрүүсүз калып жатат. Өзбекстандын өкмөтү бул аймактарды минадан арылтуу үчүн эч нерсе кылган жок. Ал тургай, өлкөнүн аскердик мекемесинде миналар коюлган жерлердин картасы да жок, ошондуктан кайда канча мина коюлганын өздөрү билбейт деп угуп жатабыз. Миналар ордунда кала берип, алардан кишилер каза болгон учурлар токтобой келатат.

Эл аралык Кызыл Чырым уюму Баткенде миналанган деп шектелген мерчемдүү жерлерге эскертүү такталарын орнотууда. Май-июнь айларында Бишкекте минага каршы акциялардын чегинде сүрөт-көрсөтмөлөр өткөрүлдү. Ал эми ноябрда КМШ өлкөлөрүнүн минага көзөмөл жүргүзүү жыйыны өтөт. Бирок, Кыргызстандагы бул иш-аракеттерден майнап аз - Өзбекстандын бийликтери коңшуларын тоотпой, анын үстүнө чек аралар тактала элек болгондуктан, Борбор Азиядагы мина проблемасы чечилбестен кала берүүдө.
XS
SM
MD
LG