Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:08

КЫРГЫЗСТАНДЫН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИ ӨЗ МААРАКЕСИН КӨЙГӨЙЛҮҮ СУРООЛОР МЕНЕН ТОСУП АЛУУДА


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Бүгүн мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдын кабыл алынганына туура 14 жыл болду. Ушу тапта Кыргызстандын мамлекеттик тилинин тегерегинде бир катар көйгөйлүү проблемалар бар экенин адистер да, бир катар саясатчылар да айтып келишет. Анын негизги себептери эмнеде?

Мамлекеттик тил тууралуу мыйзам 1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынган. Ал Кыргызстан эгемен мамлекет боло элек кезде кабыл алынса да, азыркыга чейин колдонулуп келатат. Азыр айрым саясатчылар жана кыргыз тили боюнча адистердин көбү мамлекеттик тилге бийлик органдарынын мамилеси ойдогудай эмес экендигин айтып келишет. Айрыкча аларды кабатыр кылганы – орус тилине расмий статус берилген соң кыргыз тилине жетиштүү көңүл бурулбай калганы. Мындай пикир айткандардын арасында академик, профессор Бүбүйна Орузбаева да бар.

- Ошондон кийин көбүнчө биздин чиновниктердин, кыргыз тилинен тайсалдагандардын, кыргызча такыр сүйлөй албагандардын, жаза албагандардын көктөн издегени жерден табылып эле, тилди таштап коюшту, - дейт академик Бүбүйна Орузбаева.

Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Казат Акматовдун айтымында, азыркы бийлик өкүлдөрү комиссиянын ишине ат үстүнөн мамиле кылышууда.

- Биздин комиссиянын отурумунда тогуз министрликтин отчетун уктук. Ошондо министрлер өздөрү келбей, Костюктан башкасы бүт өздөрүнүн орун басарларын жиберип коюп атышат, - дейт Казат Акматов.

Мамлекеттик тилдин жаңы вариантын түзүү демилгесин көтөргөн саясатчылардын бири, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бектур Асанов маселени андан да курчураак коюуда. Анын сөзү боюнча, Кыргызстанда идеология, анын ичинде мамлекеттик тил үчүн жооптуу болгон мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов өзү бул тилде көп сүйлөбөйт.

- Мен бул кишинин дарегине мурда эле сын айтып келгем. Ал киши парламентте сүйлөп атат, теледе сүйлөп атат, бирок бир да расмий жыйын болгон жерде кыргызча сүйлөгөнүн уга элекмин. Орусча же англисче сүйлөгөнүн угуп жүрөм. «Бул киши кыргыз тилин унутуп койгонбу» деп ойлосом, өткөндө бир чоң тойдо көрсөм, кыргызча жакшы эле сүйлөйт экен, - дейт депутат Бектур Асанов.

Ушу тапта айрым адистер бул мыйзамдын эскиргенин, азыркы турмуш талабына туура келбей калганын айтышууда. Жогорку Кеңешке анын жаңы долбоорлору сунуш кылынган. Эгерде алардын бири негиз катары кабыл алынып, парламенттен колдоо тапса, кийинки мыйзамга кыргыз тилин азыркы маалымат технологияларына ылайыкташтыруу боюнча да бир катар жоболор киргизилмекчи. Атап айтканда, депутат Өмүрбек Текебаев кыргыз тилине ылайыкташтырылбаган маалымат технологияларын Кыргызстанда сатууга жана пайдаланууга тыюу салууну сунуш кылган. Аны Казат Акматов да колдоп жатат.

- Текебаевдин сунушу - өз убагында айтылган, абдан туура сунуш. Биз «Тамга» деген долбоор түздүк. Ага ылайык республикадагы бардык компьютерлер кыргыз тилинин алфавити менен жабдылат, - дейт Казат Акматов.

Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча мындай келечектүү иш пландар качан жана канчалык даражада ишке ашаарын убакыт көрсөтөөр. Бирок мыйзам кабыл алуу менен гана кыргыз тилинин маселелери бүтүп калбайт. Алардын катарына кыргыз тилин окутууда бирдиктүү программанын жоктугун, окуу китептеринин жетишсиздигин, терминологиядагы башаламандыкты, иш кагаздарынын мамлекеттик тилге которулуп бүтө электигин кошуп кетсе болот. Айтор, өзүнүн 14 жылдык мааракесин Кыргызстандын мамлекеттик тили ушундай карама-каршылыктар жана көйгөйлүү проблемалар менен тосуп алууда.
XS
SM
MD
LG