Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Астана жана Вашингтон Эл аралык кылмыш сотунан коргонду


Казакстан жана Америка Кошмо Штаттары эки өлкө букараларын Эл аралык кылмыш сотуна бербөө жөнүндө келишим түздү.
Келишимге дүйшөмбү күнү АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жана Казакстандын тышкы иштер министри Касымжоомарт Токаев кол коюшту.
АКШлык ырасмий адамдын сөзүнчө, Казакстан мындай келишимди АКШ менен түзгөн 63чү мамлекет болду.
Президент Буштун администрациясы Эл аралык кылмыш соту америкалык аскерлер менен жарандарга каршы саясый максат менен кылмыш козгошу мүмкүн деп, Гаагада жайгашкан бул сотко башынан каршы.

XS
SM
MD
LG