Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:44

Кофи Аннан: терроризмди күчкө таянып жеңип болбойт


Улуттар Уюмунун башкатчысы Кофи Аннан кечээ күнү Нью-Йоркто өтүп жаткан конференцияда дүйнө лидерлерин терроризмге каршы согушта жалаң аскерлердин күчү менен жеңишке жетип болбойт деп эскертти.
Аннандын айтымында, терроризмди террорчуларга боор оорууну жараткан саясый талаштар токтотулса гана жеңүү мүмкүн.
Ал эми Пакистандын президенти Первез Мушарраф Батышты исламды туура түшүнүүгө чакырып, исламды фанатикалык дин деп каралоону жаңылыштык деп атады:

- Ирактагы жагдайдан улам жана мусулмандар арасында ислам дин катары бутага алынып маскараланууда деген түшүнүк күч алып бараткандыктан, Жакынкы Чыгышта кырдаал өтө опурталдуу болуп калды.

Конференцияга ошондой эле Ооганстандын, Франциянын, Италиянын, Норвегиянын лидерлери катышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG