Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Багдаддагы Улуттар Уюмунун кеңсесине каршы дагы бир бомба чабуулу жасалды


Дүйшөмбү күнү автомобилчен жанкечти Багдаддагы Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсеси алдында жардырган бомбадан ирактык полицай курман болду жана 19 адам жараат алды.
Жанкечти бомбаны кеңсе жайгашкан шаарчанын бекетинде кароолдо турган полицай машинени токтоткондо жардырган.
АКШ армиясынын подполковниги Жорж Криво жардырууну Ирактын мурдакы режиминин ашынган колдоочуларынын иши деп билдирди:

- Ирактын көпчүлүк бөлүгүндө жетишилген прогрессти болтурбоо үчүн эч нерседен кайра тартпаган мурдакы режимдин өтө ашынган жана таш боор жактоочулары менен өтө олуттуу иш жүргүзүүдөбүз.

Бул чабуул Вашингтон Кошмо Штаттары жетектеген күчтөрдүн Иракка басып кирүүсүн Улуттар Уюму аркылуу мыйзамдаштыруу үчүн өтө катуу аракет жасап жаткан мезгилде жасалды.
Президент Жорж Буш Улуттар Уюмунун Баштык Ассамблеясында кайрылуу жасап, Иракты кайра куруудагы Улуттар Уюмунун ролун кеңейтүүнү сунуш кылат деп күтүлүүдө.
Ирактагы америкалык администрациясынын башчысы Пол Бремер кечээ Вашингтондо сенаторлор менен болгон кездешүүдө Кошмо Штаттары Иракты курууга жетерлик акча бөлбөсө, Ирак террорчулардын уюгуна айланышы мүмкүн деген оюн билдирди.
Буш Конгресстен 87 миллиард кошумча акча сурады. Бул акчанын көбүн Ак Үй Иракка жумшамакчы.
Ирактагы согуштун башкы сынчысы катары таанымал сенатор Роберт Берддин айтымында, суралган каражат АКШнын экономикасы үчүн кошумча чыгым болот.

XS
SM
MD
LG