Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:10

Нарын АЙЫП, Прага 23-сентябрда Бээжин шаарында Шанхай кызматташуу уюмунун өкмөт башчыларынын жыйыны болуп өттү. Анда кол коюлган келишимдердин негизгилери - уюмдун анти-террордук борборун Ташкен шаарында орноштуруу жана уюмдун алкагында келечекте эркин соода аймагын түзүү болду.

Бээжиндеги жыйынга бардык алты мүчө-мамлекеттин премьер-министри катышты жана бардыгы болуп 6 келишимге кол коюлду. Шанхай уюмунун ичинде бирдиктүү соода аймагын түзүү тууралуу келишим таза саясий жана аны кандайдыр бир ченемде аткаруу бир кыйла алыскы келечектин иши болсо, антитеррордук борборду Ташкенде жайгаштыруу Кыргызстан менен тыкыз байланышкан маселе.

Ал тууралуу алгач 5-сентябрда уюмга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Ташкен шаарында жолукканда ачык айтылган жана аны менен байланыштуу кийин Кыргызстанда бир топ талаш-тартыш орун алган, анткени антитеррордук борборду түзүү Кыргызстандын демилгеси болчу жана ал башынан тартып Бишкекте жайгаштырылат деп айтылып келген. Кээ бир саясатчылардын пикиринде, борбордун ордун алмаштырууну Маскөө менен Бээжин кыргыз жетекчилиги менен акылдашпастан чечкен.

17-сентябрда болсо кыргыз тышкы иштер министрлиги атайын билдирүү жасап, чечим 29-майда Маскөөдө өткөн саммитте эле кабыл алынган жана борборду Бишкектен көчүрүп кетүү абдан туура деп билдирди. Анткени, министрликтин пикиринде, Бишкекте ансыз деле ар башка уюмдардын ордолору көп. Бирок эл аралык уюмдар кеңселеринин саны Ташкенде Бишкектегиден аз экени күмөн.

Ташкенде кабыл алынган чечим 23-сентябрда Бээжинде бекитилди жана эми 1-январга чейин Шанхай уюмунун анти-террордук борбору Ташкенде түзүлүп бүтүүгө тийиш, ал эми Бээжинде ошол эле мөөнөттө уюмдун секретариаты түзүлөт. Аларды каржылоо маселелери тууралуу да премьер-министрлер Бээжинде макулдашты.

Орусиялык эксперттердин пикиринде, анти-террордук борборду Бишкектен Ташкенге көчүрүү маселеси - Борбор Азияда Америка Кошмо Штаттарынын таасири күчөп баратканы менен байланыштуу. Белгилүү саясат таанучуу Андраник Мигранян үстүбүздөгү жылдын башында андай таасирди кыскартуу максатында Шанхай уюмуна Иранды кошуп алуу керек деп да айткан.

Акыркы эки жылда Борбор Азия аймагында бир нече америкалык база пайда болду жана АКШнын Колумбия университетинин эксперти Элизабет Вишниктин пикиринде, америкалыктар эми оңой менен Борбор Азиядан чыгып кетпейт. Аймактагы беш жумурияттын ичинен Вашингтон өзү үчүн эң маанилүү деп Өзбекстанды тандап алганы да белгилүү жана Вишниктин айтымында дагы, борбордун Бишкектен Ташкенге көчүрүлүп жатканы Кытай менен Орусиянын чочулоолору менен байланыштуу.

Ал тууралуу, албетте, ачык айтылбайт жана Маскөө менен Бээжин дагы, америкалык жетекчилик дагы андай атаандашуу бар экенин четке кагып, биз баарыбыз бир иш жасап жатабыз дейт. Өзбек президенти Ислам Каримовдун айтымында болсо, Борбор Азия өлкөлөрү саясий блоктордон оолак болууга тийиш:

"Борбор Азияда геосаясий атаандашуу болбоого тийиш, же бир аскерий-саясий блоктор түзүлбөшү керек. Мен кайталайм, андай болбошу керек".

Мүмкүн, чындап эле Ташкен андай саясий оюндарга катышууну каалабастыр, бирок атаандашуу бар экенин тануу кыйын жана аскерий уюмдар түзүлүп, иштеп жатканы да белгилүү. Шанхай уюму 1996-жылы пайда болгондо Өзбекстан ага кошулган эмес, анткени анын Кытай менен арасы жок. Бирок Кыргызстан менен Өзбекстанга 1999- жана 2000-жылы Өзбек исламдык кыймылынын жоокерлери кол салгандан кийин, Ташкен уюмга 2001-жылы мүчө болуп кирди жана эми аны исламдык экстремисттерге каршы күрөштө пайдалууда.

Уюмга мүчө бардык өлкөлөр өздөрүнүн ички оппозициясын ачык эле “экстремисттер” жана “террорчулар” деп атап, эл аралык терроризм, улуттук сепаратизм жана диний экстремизм сыяктуу үч балакетке каршы күрөштү азыр уюмдун негизги максаты кылууда.
XS
SM
MD
LG