Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

КЫРГЫЗ ОБОН-КҮҮСҮ МАСКӨӨНҮН ЧОҢ ТЕАТРЫНДА ЖАҢЫРДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кечөө Маскөөнүн Чоң театрында Кыргызстандын маданий күндөрү салтанаттуу түрдө ачылды.

Маскөөдө 22-сентябрда айтылуу Чоң театрдын кең сахнасында Алатоодон келген артисттердин өнөрүн көрсөтүү менен Орусиядагы Кыргызстандын маданиятынын беш күндүгү ачылды.

Конокторду утурлаган президент Владимир Путин эл алдында өзү сүйлөөрдөн мурда кезекти президент Аскар Акаевге берди.

Президент Акаев Орусиянын өз өлкөсү үчүн олуттуу рол ойноорун дагы бир жолу баса белгиледи:

- Кыргызстан үчүн Орусиядан чукул, ардактуу болуучу дүйнөдө өлкө жок.

Путин болсо Кыргызстан жана анын жетекчилиги жөнүндө жылуу кебин аяган жок:

- Кээде Кыргызстанды “академиктер өлкөсү” дешет. Ал жакта маданий катмар, агартуу катмары, илимий катмар абдан жакшы өнүккөн, буга президенттин өзү эң сонун күбө болуп берет.

Салтанаттуу кече мына ушундайча башталды. Андан ары кезек алатоолук өнөрпоздорго берилди.

1939-жылы 26-май күнү Кыргызстандын адабияты менен өнөрүнүн 10 күндүгү да ушул эле Чоң театрда, тактап айтканда, анын кичи залында өткөн экен. Ага жазуучулардан Жусуп Турусбеков, Алыкул Осмонов, Алымкул Үсөнбаев, Калык Акиев келип катышкан.

Айтылуу А.Малдыбаев, В.Власов жана В.Фере ал жолу “Айчүрөк” операсын коюп, сахна чеберлери “Алтын кыз” менен “Ажал ордунданы” алып келип, өнөрүн көрсөтүп кетишкен.

1958-жылы 14-октябрден 26-октябрга дейре созулган Кыргызстандын күндөрүндө Муратбек Рыскулов, Бүбүсара Бейшеналиева, Сайра Кийизбаевалар өз өнөрүн көрсөтүп, алардын атагы мурдагы совет өлкөсүнүн чегинде даңазаланган болчу.

Кара сөз чеберлеринен Түгөлбай менен Чыңгыз, акындардан Сүйүнбай ал жолу Маскөөгө келип, бул чыгаан калемгерлердин аты да Совет Биримдигинин мейкиндигинде кеңири маалымдалган. Бирок ал кезде партиянын идеологиялык машинеси – мындайча айтканда, советтик басма сөз каражаттары жапа тырмак иштеп, “туура деп табылган” жаңылыктарды гана жайылтып турганы белгилүү.

Бүгүн болсо дүйнөлүк өнөр чеберлери кадырлаган Чоң театрдын сахнасында оркестр Муратбек Бегалиевдин чыгармаларын аткарып, Асанкан Жумакматов ал оркестрди башкарып, Артур Чормонов орустар жакшы көрүүчү жана мыкты түшүнүүчү аспап - скрипкада П.Чайковскийдин чыгармасын ойноп, Чолпон аттуу секелек кыз кыргыздардын боор эти менен тең аспап - комузда “Маш ботойду” ойноп, ал эми өзгөчө назик үнү бар Замира Мавлянова орустун элдик ырын ырдап, эстрадалык ырчылар Ырыскелди, Актан, Гүлнур жана башкалар эки сааттай оюн коюп беришти.

Мага алардын чыгармачыл даремети - улут маданиятынын келечеги болуп көрүндү.

Баса, беш кабатынын (ярусунун) баарынын капталдары алтын менен жалатылган, кооздугу көз жоосун алган Чоң театрдын сый коноктор отурчу жайларынан ардагер саясатчы Күлүйпа Кондучалованы, жазуучу Чынгыз Айтматовду көрүп калдык. Демейде бийик даражалуу коноктор олтуруучу ложада президенттер Владимир Путин жана Аскар Акаев жубайлары Людмила Путина жана Майрам Акаева болуп олтурушту.

Саясат көбүрөөк аралашкан бул маданий иш-чараны көрүп олтурганда, менин оюм кыргыздын көөнө мамлекети башат алган 2200 жылдык мезгил тууралуу сандаган ой нугуна бөлүнүп, улам жаңы кыялга жетеленип атты.
XS
SM
MD
LG