Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:13

Көчкөн Сактанов, Бишкек http://gdb.rferl.org/717E4A72-D5DE-4D8D-8062-B600D8388B51_w203.jpg Кара сөздүн дыйканы, өз ишинин устаты, жазуучу жана кинодраматург Ашым Жакыпбековдун кыргыз маданиятындагы арымы аттын кашкасындай экенин кыргыз журтчулугу жакшы билет. Анын эң акыркы чыгармасы “Теңири Манас” эле канчага турат. Бул жөнүндө бүгүн биз менен Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, режиссер Бакыт Карагулов ой бөлүшөт.

- Көзү өтүп кеткендер жөнүндө көп эле сөз болот. Бирок жазуучу жана тарыхчы Ашым Жакыпбеков жөнүндө сөз башка. Ал бардык жагынан өтө таза адам болгон. Анын көркөм жазмаларын албайлы, макалаларын албайлы, эң кийинки бараандуу эмгеги «Теңири Манасты» албайлы, кийген киймин, жүргөн жүрүмүн, сүйлөгөн сөзүн албайлы - деги кимди да болсо көңүлкош калтырбаган таза адам болгон. Мына ошол киши жөнүндө сиз эмнелерди айтып бересиз?

- Мынабу Алыкең, Түгөлбай, Мамасаалы сыяктуу жазуучулардын бири, алардан кийинки аска-зоолордун бири Ашым Жакыпбеков деп эсептейм. Адабиятта Ашым Жакыпбеков өзүнчө чоң изин калтырып кеткен киши. Ал киши көп жагынан таалим, тарбия бере турган инсан болучу. Мынабу 60-жылдардагы чаң ызгытып чыккан жаш таланттардын ичинен Ашыкем ошол изинен, ошол табынан жазган жок. Анан дагы он жыл ичинде Ашыкем «Кыргызфильмде» башкы редактор болуп иштеген мезгил өзгөчө болду. Аны кыргыз киносунун кайра жаралуу мезгили деп айтсак болот. Ошол учурда чыккан «Ак кеме», «Тайгак кечүү», Океевдин фильмдери, элге керектүү, сиңимдүү фильмдердин баары Ашым Жакыпбеков башкы редактор болуп турган кезге туура келет.

- Сиз аны адабиятчы, кинодраматург катары жакшы сүрөттөп кеттиңиз, эми анын адам катары, дос катары, үй-бүлөнүн атасы катары кандай киши болгонун айта кетсеңиз?

- Ашыкем адам катары оозун ачканда эле жүрөгү көрүнүп турган адам болгон. Тамашакөй адам эле, тамашаны айтканда да адамга катуу тийбей тургандай кылып айтчу. Чоң, улуу маданият менен, тарбия бере турган маданият менен айтчу. Ошонусу менен эле анын адамдыгы дагы бир ирет жогору тепкичке көтөрүлүп турчу. Мисалы, анын «Айдагы жезкемпир» деген көркөм фильмин даярдап калдык. Анан ал «андай кылгыла, мындай кылгыла» дей берди, ошондо «айдагы жезкемпирге жакшылык кылбаган, Ашыкем бизге жакшылык кылабы» деп калдык. Муну уккан Ашыкем күлдү.

- Ашыкем «Теңири Манасты» зор мээнет менен жазды, ал ошондой болууга тийиш эле…

- Бул «Теңири Манасты» жазып жүргөндө, кырк чоронун, кейипкерлердин азап-тозогун тартып жүргөндөй абалда жүрдү. Мен өзгөчө байкадым. Агропромдун бери жагында «Манас» секциясында экен, ошол жерде жолугуп калдык. «Ой кандайсың, иштер кандай болуп атат?» деди. Мен ««Бороондуу бекетти» кандай которсоңуз, ошол бойдон фильмге киргиздим» десем сүйүндү. Себеби, Ашыкем да, Айтматов да кинонун тилин жакшы билишчү. Экөөбүз Эркиндик проспектиси аркылуу басып калдык, ошондо «жазуучу катары азыр гана өзүмдү сезе баштадым» дегени эсимде. Пайгамбар жашына келип калган кезинде гана өзүн жазуучу катары сезе баштаганын угуп, мен зор ыраазы болгонмун. Азыр Ашыкемди ойлоп, ошол эле Төлөмүштү, Мелисти, Ашымды - ушуларды эстеп:
«Куйругу жок, жалы жок
Сопол болуп баратам,
Мүйүзүмдөн ажырап,
Токол болуп келатам», - деп Манас ыйлап келген «Чоң казатты» элестетем да. Мына ушундай адамдар азыр аз калды, ошолордун кадырын билбей баратабыз да.


- Сиз азыр абдан такшалган режиссерлордун бири болуп калдыңыз. «Кыргызфильмдин» келечеги да сиздин колуңузда. «Манас» дастаны боюнча Мелис Убукеев мультфильмге аралаштырып көп эле тартты, сиз да аны мындан ары «Үрүстөм дастаны» сыяктуу кылып чыгарма жаратуу оюңузда барбы?

- Ойдо бар… Себеби, муну жаратыш - ар бир атуулдун милдети. Өзүнүн Атамекенин, өзүнүн Атажуртун, Манастын арбагын сыйлаган киши үчүн бул чоң милдеттердин бири. Анан милдетти кургак сөз менен эмес, иш жүзүндө аткарсак деп ойлойм.
XS
SM
MD
LG