Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Астанада түрдүү диндерди баш коштурган Улуттар Ак сарайы курулат


Мында өтүп жаткан диний лидерлердин жыйынында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мындай деди:

- Азыркы курултайга даярданып жатканда, мен (Казакстандын) жаңы баш калаасында Улуттар Ак сарайын куруу идеясына келдим. Анда мечит, чиркөө, синагога, буддистик ибадаткана болот. Ушул эле жерде Казакстан элдеринин ассамблеясы жана бардык улуттук маданий борборлор жайгашат.

"Диндердин диалогу" деп аталган эки күндүк конференция Астанада шейшембиде башталды. Анда 17 диний топтун өкүлдөрү диндер аралык мамилелерди жана жаңжалдарды жөнгө салуунун жолдорун талкуулап жатышат.
Мусулмандардын Дүйнөлүк лигасынын башчысы шейх Абдулла бен ал-Мухсин ат-Түрки "Ислам зордук-зомбулукту жана адамды кодулоону колдобойт, тескерисинче өз ара түшүнүүчүлүктү өркүндөтөт", - деди. Конференцияга Ватикан, православ чиркөөсү жана Израилдин башкы синагогасы өкүлдөрүн жөнөтүшкөн.

XS
SM
MD
LG