Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

Түркия менен Пакистан Иракка аскер жиберүүнүн шартын жарыялашты


Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл анын өлкөсү АКШнын Түндүк Ирактагы күрд согушчандарына кошумча чара көрүшүн каалаарын билдирди. Ошол эле мезгилде Гүл түрк аскерлери барган күндө да, Иракта тартипти сактоого аралашпастан, коомдук пайдалуу кызматтар менен алектенээрин бышыктады. Кечээ Кошмо Штаттар Түркияга 8 жарым миллиард доллар карыз берген эле.
Пакистандын президенти Первез Мушарраф Иракка аскер жиберүүгө коомдо катуу каршылык бар экенин маалымдады. Мушарраф "пакистан аскерлерин Иракка жиберүү үчүн, Бириккен Улуттардын жаңы резолюциясы зарыл", - деди. Президенттин айтымында, бул үчүн Бириккен Улуттар уюму, мусулман жана араб өлкөлөрү, анын ичинде ирактыктар өздөрү Пакистандан аскер жиберүүнү суранышы керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG