Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

ӨКМӨТ ЖӨЛӨКПУЛ АЛУУЧУЛАРДЫН САНЫН КЫСКАРТУУНУ КААЛАЙТ. ПАРЛАМЕНТТЕ БУГА КАРШЫЛАР БАР


Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн бир жылдагы кирешесин аныктоо жөнүндө жобо 22-23-сентябрь күндөрү парламентте талкууланды. Жобонун демилгечиси болгон Социалдык коргоо министрлиги айыл жеринде жашап, көп мал кармаган, ошол эле маалда мамлекеттен жөлөкпул да алып келген адамдардын санын аныктоону максат кылууда. Бирок депутаттар тарабынан жобонун айрым жерлерине сын-пикирлер айтылгандыктан, документ кабыл алынган жок.

Кыргыз бийлиги «өлкөдө өкмөттөн жөлөкпул алгандардын саны көп болуп жатат, андыктан жардамды даректүү берүүгө өтүш керек» деп келет. Андай пикирди жактоочулардын бири - эмгек жана социалдык жактан коргоо министри Роза Акназарова – «эл арасындагы «мамлекет, мага жардам берет» деген жатып ичерлик ой-сезимди өзгөртүшүбүз зарыл» дейт. Роза Акназарованын маалыматы боюнча, өлкө боюнча ушул тапта 522 миң адам жөлөкпул алат. Алардын ичинен 474 миң атуулга ай сайын жардам берилет. 367 сом өлчөмүндөгү социалдык колдоо алуучулардын саны - 48 миң адам. Ал эми ар бир айда берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү өлкөдө 91 сомду түзөт.

Министрдин айтымында, парламентте эки күн бою талкууланган жобонун да негизги максаты чындап жакыр жашагандарды аныктоо болуп эсептелет. Ал эми колунда жетиштүү малы бар, бирок ошол эле учурда өкмөттөн да жардам алып келген адамдар мындан ары өз жанын өзү бакканга өтүшү керек.

- Бул жобого ылайык мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн даректүүлүгү күчөйт. Анткени буга чейин колунда малы барлар деле жөлөкпул алып жатышпайбы. Эми «малы жок, чындап оор жашагандарга гана колдоо көрсөтөлү» деп ушул документтин сунуштап жатабыз, - дейт министр Роза Акназарова.

Министрлик иштеп чыккан жобого ылайык 10 кой-эчкиси, бир ую барлар мурдагыдай эле өкмөттөн жардам ала берет. Жобо андан көп кой-эчки, ую барларга арналган. Жылкы жана тоок, үндүк сыяктуу үй канаттуулары эсепке кирген эмес, бирок талкуу учурунда айрым депутаттар «жылкыны да, үй канаттууларын да эсепке кошуш керек» деген сунуштарын айтышты. Жобо мыйзамдуу күчүнө кирсе, он койдон, эки саан уйдан көп малдуулардын бир жылда малдан тапкан кирешеси эсептелип чыгат да, ал кирешенин жалпы суммасы ошол үй-бүлөдөгү адамдардын санына бөлүнөт. Бул эсепти министр Роза Акназарова мындай чечмеледи:

- Он биринчи койдон тартып 25 сомдон киреше алат деп эсептелинди. Экинчи уйдан алынуучу киреше ар бир облуста ар башка болуп эсептелинди. Анан ошол кой, уйлардан алынган жалпы кирешеси үй-бүлөнүн жан башына бөлүнөт. Мисалы, бир үй-бүлөнүн малдан тапкан кирешеси 500 сом болсо, эгер ал үй-бүлө 6 адамдан турса, 500 сомду алтыга бөлөбүз. Бул сумма 140 сомго жетпей калса, анда анын айырмасын жөлөкпул катары төлөп беребиз.

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин адистери «ар бир облустагы уй ар башка киреше берет» дешет.

- Чүйдө ар бир саан уйдан 2800 литр, ал эми Баткенде, Нарында 1700 литр сүт алынат. Башкача айтканда, продуктуну Чүйдүн уйлары көп берет. Анын үстүнө Чүйдө сүттү жакын жерге, 5-6 сомдон сатууга болот. Ал эми Нарын менен Баткенде сүт сатып алуучулардын саны аз, ага жараша литрин 3-4 сомдон гана өткөрүшөт, - дейт Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин бөлүм башчысы Жамалгазы Жумабаев.

Министрлик түзгөн таблицага ылайык, мисалы, Нарында бир саан уй айына 200 сом, ал эми Чүйдө 568 сом киреше берет. Бирок Ысыккөлдөн шайланган депутат Бакыт Керимбеков «Ысыккөлдө, айрыкча Түп, Тоң, Жетиөгүз райондорунда уй анча көп киреше бербейт» деген сын-пикирин айтты. Чүйдөн шайланган депутаттар да маселенин мындай коюлушуна тынчсызданганын билдиришти.

Депутат Ишенбай Кадырбековдун айтымында, эгер бул жобо мыйзам катары күчүнө кирсе, жакырлардын саны көбөйөт. Депутаттын эсебинде, шарты катаал Нарын облусунда жашап, мамлекеттен жөлөкпул алып келген 50 миңге жакын жардылардын жарымы дароо жөлөкпулдан кол жууйт.

- Эгерде бул жобону кабыл алсак, анда нарындыктардын шору кайнайт да. Анда жөлөкпул алып жаткан нарындыктардын 50% көбү аны албай калат. Себеби, кирешеге малды, жер үлүшүн, тоолуу аймакта жашагандыгы үчүн компенсация алганын киргизип жатышат. Негизги максаты - жөлөкпул алгандардын санын азайтуу. Ошол эле маалда аткаруу бийлигине 1 млрд. 600 млн. сомдой акча кетип жатат. Ал акчадан үнөмдөп жакырларга жардам берүүнүн ордуна жакырлардын санын минтип жасалма кыскарткан саясатка мен каршымын, - деген сын-пикирде Ишенбай Кадырбеков.

Айта кетүү керек, жобо 1998-жылы кабыл алынган «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү» мыйзамдын 9-беренесине ылайык иштелип чыккан жана ошол 1998-жылдан бери Жогорку Кеңештен өтпөй келатат. Акыркы жолу парламентте быйыл май айында талкууланып, анда да кайра толуктап иштеп чыгууга жиберилген. 22-23-сентябрдагы талкуудан кийин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине «жалпы киреше деген эмне», «жалпы кирешеге эмнелер кирет», «үй-бүлөнүн курамы деген эмне, жер үлүштөрүнүн жана бакма куштардын кирешеси кандай» жана «бийик тоолуу аймактарга жөлөкпул берүүнүн талаптары кандай» деген маселелерди тактап келүүгө тапшырма берди. Эгер министрлик ушул суроолорго татыктуу жооп тапса, мыйзам долбоору октябрь айында добушка коюлушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG