Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

Бишкектеги Славян университетинде билим берүүнүн деңгээли Орусиянын талаптарына жооп бере тургандыгы аныкталды


БИШКЕК. Кыргызстандагы Кыргыз-Орус (Славян) университетинин билим берүүгө негиз берген лицензиясы 2008-жылга чейин узартылышы мүмкүн. Орусиянын Билим берүү министрлигинин университетти текшерген аттестациялык комиссиясы ушундай бүтүмгө келди. Мындай маалымат бүгүн университеттин окуу иштери боюнча проректору Күмөн Исаковдон алынды. Анын маалыматына караганда, комиссиянын бүтүмү эми Орусиянын Билим берүү министрлигинин коллегиясына коюлат жана анда жактырылса, окуу жайынын лицензиясы 2008-жылга чейин узартылат. Аттестациялык комиссия Славян университетинде окутулган 20 адистик жана төрт багыт боюнча текшерүү жүргүзүп, «билим берүүнүн деңгээли Орусиянын билим берүү талабына жооп берет» деп тапкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG