Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:51

Орусиянын авиабазасын Кыргызстандын аймагына жайгаштыруу тууралуу келишим Жогорку Кеңеште ратификацияланышы зарыл


БИШКЕК. Кыргызстандын Башмыйзамына ылайык чет өлкөнүн аскердик базасын республиканын аймагына жайгаштырыш үчүн мындай келишим Жогорку Кеңештин кош палатасы тарабынан ратификацияланышы керек. Мындай талап Орусиянын авиабазасын Кыргызстандын аймагына жайгаштыруу тууралуу келишимге да тиешелүү. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик коопсуздук комитетинин башчысы Исмаил Исаков билдирди. Анын айтымында, сөз болуп жаткан келишим жайкы эс алууга чейин Мыйзам чыгаруу жыйынынын комитеттеринде каралган. Ал эми эки тараптуу келишимге кийин киргизилген өзгөртүүлөр ал кош палатада кайрадан каралган учурда талкууланат. Кечээ Москвада Орусия менен Кыргызстандын коргоо министрлери Кыргызстандын аймагында Орусиянын авиабазасын жайгаштыруу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG