БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын «Мамлекеттик тили жөнүндөгү» мыйзамынын кабыл алынганына 14 жыл болду. Бул датага байланыштуу бийлик органдары тарабынан мамлекеттик деңгээлде эч кандай иш-чара өткөрүлгөн жок. Болгону бул мыйзам кабыл алынган күнгө жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган конференция Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте болуп өттү.