Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

ӨЗБЕКСТАН: МУХАММАД БЕКЖАН – САХАРОВ СЫЙЛЫГЫНЫН БЫЙЫЛКЫ ТАЛАПКЕРЛЕРИНИН БИРИ


Тынчтыкбек Чоротегин, Прага шаары Борбор азиялык төрт оппозициячыл саясатчы – кыргыз Феликс Кулов, казак Галымжан Жакиянов, түркмөн Батыр Бердиев жана өзбек Мухаммад Бекжан Европа парламенти тарабынан 2003-жылкы Андрей Сахаров наамындагы сыйлыкка көрсөтүлүштү. Маселе – алардын кимиси бул сыйлыкка ээ болоорунда эмес, кеп – демократиялык баалуулуктар үчүн алардын эч майышпай күрөшүп жатканында. Эмесе, аталган саясатчылардын ичинен Мухаммад Бекжан тууралуу толугураак сөз кыла кетели.

Андрей Сахаров атындагы сыйлыкка талапкердиги көрсөтүлгөн борбор азиялык саясатчылардын бири - өзбекстандык Мухаммад Бекжан 1999-жылы март айында эркинен ажыратылган. Оппозициячыл “Эрк” партиясынын мүчөсү, журналист Мухаммад Бекжан – айтылуу өзбек диссиденти Мухаммад Салихтин бир тууган иниси. Эгемендиктин алгачкы жылдары Мухаммад Салих президент Ислам Каримов менен атаандашып, президенттикке талапкердигин койгон. Салих жетектеген “Эрк” Демократиялык партиясы 1992-жылы декабрда өлкөдө мыйзамсыз деп жарыяланган.

Ал эми 1999-жылы февралдагы майнапсыз аяктаган жана азыркыга чейин чыныгы уюштуруучулары ким экендиги күмөн туудурган иш-чарадан - президент Ислам Каримовго кол салуу аракетинен соң, “эркчилердин” жетекчилиги Ташкенде бул террордук аракеттин шыкакчыларынан жана уюштуруучуларынан деп жарыяланган. Мухаммад Салих бул кол салуу аракетине өзүнүн эч тийешеси жоктугун айтып, Ташкендин расмий доосун өзүнө жуутпаган менен, авторитардык режимдин катаал механизми Салихтин тарапкерлерин жана анын уюмуна тийешеси бардыгы шек кылынган кишилерди куугунтукка ала баштаган.

“Эрк” партиясын негиздөөгө катышкан Мухаммад Бекжан өзүнө каршы куугунтуктун айынан 1993-жылы өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ал Киев шаарында “Эрк” газетасынын редакциясында иш алып барды. 1999-жылы март айында редакцияда тинтүү жүргүзүлүп, анын алты кызматкери, алардын ичинде Бекжан камакка алынат жана Өзбекстандын тартип сактоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Ушул тапта АКШда бозгунчулукта жүргөн өзбек диссиденти, Өзбекстан Укук коргоо Коомунун төрагасы Абдуманнаб Пулат дээрлик төрт жылдан ашуун абакта жаткан Мухаммад Бекжан тууралуу “Азаттыктын” Кыргыз кызматына мындайча баасын берди:

- Менин оюмча, Мухаммад Бекжан - өзүнүн олуттуу бир кылган иштери менен эмес, Мухаммед Салихтин иниси болгону үчүн кеңири маалым. Мына азыр Европарламент тарабынан ал Сахаров сыйлыгына талапкер кылып көрсөтүлдү. Бул, менимче, Өзбекстандагы саясий камактагылар маселесине, саясий эркиндик көйгөйлөрүнө көңүл бурдуртат. Ушул мааниде алганда, бул, менимче, жакшы кадам болду.

Айыпсыз жерден абакка түшкөн Мухаммад Бекжандын саламаттыгы соңку кездери өтө начарлап кеткени кабардалууда. Абактагы адам чыдагыс кыйноолордон улам, анын бир буту сынып, бир кулагы укпай калды дешет. Ал түрмө ооруканасында кармалып жатат.

Эми эрки майышпагандыгы үчүн дүйнө коомчулугунун кадырлоосуна арзыган өзбек диссиденти Мухаммад Бекжан мырза талапкердикке көрсөтүлгөн эл аралык сыйлык тууралуу азыноолак маалымат бере кетели.

Совет доорундагы зыялыларды жана жалпы эле коомчулукту ойготуп, тоталитардык тартипке каршы күрөшкө үндөгөн, мыйзамдуу жол менен бул түзүлүштү реформалоого аракеттенип жатып дүйнөдөн кайткан залкар инсан – Андрей Сахаровдун ысымындагы эл аралык сыйлык 1988-жылы негизделген. Анын алгачкы жеңүүчүлөрү – түштүк африкалык Нелсон Мандела менен советтик диссидент, маркум Анатолий Марченко болчу. Апартеидге каршы күрөшү жана бул режимден кийин өз атажуртунда демократиялык мамлекетти курууга зор салым кошкондугу менен даңазалуу Манделаны ким билбейт. Ал эми Анатолий Марченко болсо расмий Кремлге айбат кылып, советтик коомдо адам укуктары кадырланбай жатканын ачык жазып чыккан диссидент болчу. Ал да советтик “гулагдын” – түрмөлөр өлкөсүнүн бет пардасын сыйырган эмгек жазган. 1986-жылы декабрда саясий ачкачылык жарыялаган маалында абакта өлгөн бул инсандын элеси дүйнө коомчулугунун жүрөгүндө ыраазылык менен сакталып келет.

Ал эми 1989-жылы бул сыйлыкка татыган инсан – Александр Дубчек бала чагын Бишкекте өткөргөн. Словак интернационалисттеринин бул урпагы коммунисттик Чехословакиядагы 1968-жылкы демократиялык өзгөрүү кыймылынын жетекчилеринен болгон.

Сахаров сыйлыгынын быйылкы лауреаттыгына көрсөтүлгөн инсандардын арасында – БУУнун Башкы катчысы Кофи Аннан, ушул эле уюмдун быйыл август айында Багдаддагы террордук чабуулда набыт болгон өкүлдөрү, ошондой эле Борбор Азиянын башка үч өлкөсүнүн атуулдары – кыргызстандык саясатчы, мурдагы вице-президент Феликс Кулов, казакстандык Галымжан Жакиянов жана түркмөнстандык Батыр Бердиев да бар. Сыйлык ар жылы 10-декабрда – Бириккен Улуттардын Адам укуктарынын жалпы декларациясы (1948-жылы) кабыл алынган күнү тапшырылат. Быйылкы сыйлык бул декларациянын 55 жылдыгы менен дал келүүдө.

XS
SM
MD
LG