Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

ӨЗБЕКСТАНДА САБАТТУУЛУК ДЕҢГЭЭЛИ КАНДАЙ?


Айымкыз, Ташкен шаары Бүгүнкү күндө Өзбекстан калкынын 99 пайызы сабаттуу деп эсептелет. 1996-жылкы маалыматка караганда, эркектердин сабаттуулугу боюнча Өзбекстан дүйнөдө 27-орунда, ал эми аялдардын сабаттуулугу боюнча 11-орунда турат экен. ЮНЕСКО уюмунун маалымдашынча, 2000-жылы 0,8% калк “сабатсыз” деп эсептелген. Бул көрсөткүчкө ишенүүгө болобу?

1990-жылы ЮНЕСКО уюму тарабынан өткөрүлгөн билим берүү багытындагы конференцияда “сабаттуулук” термини мааниси жагынан бир топ өзгөргөн. Таагыраак айта турган болсок, эми сабаттуулук даражасы адамдын жашоо-шарты, өз укугун билиши жана административдик мекемелерге ээн-эркин кайрыла алышына карата белгиленет.

Өзбекстандын Элге билим берүү министрлигинин Мектептер башкармасынын башчысы Анвар Закировдун айтымында, "мамлекеттеги 12 жылдык акысыз билим берүү, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу - калктын сабаттуулугун камсыздоонун негизги багыты":

- Министрлик тарабынан мектеп жашындагы балдардын тизмесин тактоо боюнча бир катар багыттоочу документтер чыгарылган. Демек, бир дагы бала 12 жылдык билим берүүдөн четтеп калышы мүмкүн эмес. Өткөн жылы 9-класс, ал эми быйыл 3-, 4- жана 5-класстарда окуу китептерин арендага берүү системасы кабыл алынды. Ошондой эле, быйылдан баштап Министрлер Кабинетинин 33-сандуу чечими боюнча, начар үй бүлөлөрдүн балдарына окуу китептерин акысыз берүү иш-аракеттери колго алынып жатат.

Арийне, элеттик жаштар башталгыч билим алганы менен, аларда андан ары окуу, жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жок. Анын себебин саясат таануучу Малик Абдуразак мындайча түшүндүрөт:

- Жаш кыздарды андан ары окутуунун ордуна, турмушка узатып жиберүү көп учурайт. Кыздар тигүүнү, бычууну, тамак бышырууну билсе болгону, ошол жетет.Алар үчүн эң жакшы жогорку окуу жайы --бул кош тырмак ичиндеги "казан табак университети" деген көз караш калыптанган. А түгүл, окуу үчүн каражатынын жоктугунан улам эркек балдар да оболу иштеп, кийин окуйм дейт да, андан кийин биротоло акча табуу жолуна түшүп кетет. Мардикерликке да кайыл болуп, алар кара кардынын камына киришип кете турганы табигый иш.

Орто билим берүү системасындагы өткөрүлүп жаткан бир канча реформаларга карабай, мектептерде мугалимдердин билим берүүдөгү кош көңүл мамилеси, жумушун таштап, базарга чыгып кетип жатышы, бардык эле ата-энерердин мектеп каражаттарын камсыздоо мүмкүнчүлүктөрүнүнүн жоктугунан улам, көпчүлүк балдар башталгыч билим алууда да кыйналып жаткан көрүнөт.

Шаардык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун мугалими Раъно Абдуллаеванын бул жөнүндөгү пикирин угуп көрөлү:

- Жаштар - биздин келечегибиз дейбиз. Бирок ошол жаштардын толук башталгыч билим алышы үчүн окуу китептерин толук сатып алып берүүгө ата-энелердин мүмкүнчүлүгү жок. Анткени, бир баланын мектеп каражаты үчүн 30 - 40 миң сум акча керек болот. Бирок ал ата-эненин бир эмес, мектеп жашындагы эки-үч баласы бар. Мурдагы доорду канчалык сынга алганыбыз менен, ошол кезде окуу китептерин ээн-эркин колдонуу мүмкүнчүлүгү бар болчу.

Эл аралык стандарт боюнча элдин жашоо-шартына, өз укугун билишине, административдик мекемелерге ээн-эркин кайрыла билүү мүмкүнчүлүгүнө карата сабаттуулук даражасын белгилей турган болсок, анда Өзбекстан калкынын 30 - 40 пайыздайы дагы эле сабатсыз, - дешет көз карандысыз байкоочулар.
XS
SM
MD
LG