Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

ОБЛУСТАРДА ДА ИНВЕСТИЦИЯЛЫК МАТРИЦА ИШТЕЛИП ЧЫГАТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстанга тикелей инвестиция жакшы келбей жаткандыгы маалым. Келген ивестициялардын да үчтѳн экиси Бишкек шаарында калып, алыскы региондорго ал жетпей жатат. Облустарга ивестицияны тартууну көбөйтүү максатында эми инвестициялык матрицалар облустук деңгээлде да даярдалмак болду. 24-сентябрда губернаторлордун орун басарлары жана облустук мамлекеттик администрациянын жооптуу кызматкелери «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чакырылып, алар үчүн «Облустук инвестиция программасын даярдоо» деген семинар өткөрүлдү.

Кыргызстан боюнча кабыл алынган инвестициялык матрица эми облустарда да даярдала турган болду.Бул тууралуу 24 –сентябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөрүлгөн «Облустук инвестиция программасын даярдоо» деген семинарда маалым болду.

- Биз Европа Биримдигинин долбоорунун негизинде облустук инвестициялык матрицаны даярдоо боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуунун үстүндө иш жүргүздүк. Бул ивестициялык матрицаларды региондордун экономикалык өнүгүүсүнүн перспективалык программасы катары караса болот, - деди вице-премьер Жоомарт Оторбаев семинардын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө.
Семинарга губернаторлордун орун басарлары жана экономика маселесине жооп берген облустук мамлекеттик администрация кызматкерлери чакырылган. Аларды матрица тузүүгө Питер Корбин жетектеген Евробиримдиктин атайын долбоорунун кызматкерлери үйрөтмөкчү.
Кыргызстанга келген тикелей инвестициянын 2/3 бөлүгү Бишкек шаарына туура келет. Облустарга ал жетпей жатат.

-Былтыр болгону 1 млн. доллар инвестиция тарттык. Быйыл болгон долбоорлордун баарын өткөрүп жатабыз. Инвестициянын келиши дагы эле начар - дейт Нарын облустук администрациясынын кызматкери Жолдош Усупов.

Нарынга инвестициянын жакшы барбай жатышын Жолдош Усупов облустун табигий катаал шарты менен түшүндүрөт. Бирок 1 млн. доллар Нарын үчүн салыштырмалуу жаман эмес көрсөткүч экенин айта кетүү керек. Анткени андан да аз инвестиция тарткан облустар бар экен. Мисалы, өткөн жылы Талас облусуна болгону 12 миң доллар, Баткенге 253 миң доллар тикелей инвестиция келген. Кумтөрдү эсепке кошпогондо, Ысык-Көлдө деле абал ошондой. Чүй, Ош, Жалалабад облустарында болсо абал салыштырмалуу түзүк.

- Азыр биздин облуска 22-23 млн. доллардын тегерегинде инвестиция тартылды.Ошонун 70% өнөр жайына тартылды. Кытайлыктар менен бирге Жалалабад шаарында суткасына 300 тонна алма иштете турган чоң ишкана курдук. Андан тышкары пахта, жүзүм жана жыгач иштетүү тармактарына, ошондой эле, финансы жана социалдык тармактарга акча салып, быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу инвестицияны көбүрөөк тарттык - деди Жалалабад облусунун губернаторунун биринчи орун басары Куралбек Наскеев. Бирок Жалалабад, Чүй жана Ош облустарынын калкынын көп экенин эске алганда, бул облустарга инвестиция күркүрөп келип жатат деп айтууга болбойт.

Өлкө боюнча иштелип чыккан матрицалар инвестициянын жолундагы тоскоолдуктарды таап, аларды жоюуга багытталганы маалым. Мыйзамдар бүткүл өлкө боюнча бир болгондуктан, облуcтарда кандайдыр бир өзгөчө тоскоолдуктардын болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан облустук матрицалар өлкөнүкүнөн эмнеси менен айырмаланат деген суроо туулбай койбойт. Бирок бул маселени, деги эле семинардын максатын ар ким ар кандай түшүнөт экен.

-Бүгүнкү семинардын максаты – кайсы региондун кандай мүмкүнчүлүгү жана кандай потенциалы бар жана кандай инвестицияга муктаж – ошону таап чыгуу. Биз ар бир аймактын мүмкүнчүлүгүн изилдеп чыгып, ошонун негизинде «бул региондогу бул тармакка мындай инвестиция керек» деп өкмөткө сунуш кылабыз. Кандайдыр бир анализдерди жана болжолдорду беребиз, – деди Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана чет өлкөлүк тикелей инвестицияларды тартуу боюнча комитеттин төрагасы, министр Равшан Жээнбеков.
XS
SM
MD
LG