Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

OOГАНСТАНДАГЫ ТЕРРОРДУК ЧАБУУЛДАР ҮЧҮН ПАКИСТАН ЖООПКЕРБИ?


Ооганстандын чалгын кызматтарынын ырастооосунда, талиб кол башчылары Пакистандан туруп, Ооганстандагы кандуу кол салууларды уюштуруп жатышат. Талибдердин коңшу өлкөдө баш калканч тапканы тууралуу ушул шейшембиде Ооганстандын президенти Хамид Карзай Бириккен Улуттарда сүйлөгөн сөзүндө айтып өттү.

Талибдер мындан эки жыл илгери, АКШ баштаган согушта бийликтен кулаган эле. Азыр ооган бийликтери аларды Пакистандын коопсуздук кызматтарынын эскичил элементтери жана катаал динчил саясатчылар канатына калкалап алды деп ырасташууда. Мындай дооматты батыштык расмий өкүлдөр да негиздүү деп эсептешет.

Ушул шейшембиде Нью-Йоркто Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын кезектеги сессиясында сүйлөгөн сөзүндө ооган президенти Хамид Карзай Пакистанды атынан атаган жок. Бирок ал жактан өтүп келген согушчандардын террордук чабуулдары бейпилдикти калыбына келтирүүгө кедерги болуп жатканын айтып, буларды кошумчалады:

– Бүгүн терроризм – аймактык өкмөттөрдүн мойнундагы жоопкерчилик. Өкмөттөр экстремизмди саясаттын куралы катары колдонууну токтотушу керек. Дүйнөнүн бул бурчунда терроризм сакталып кала берсе, айымдар жана мырзалар, Ооганстанда да, биздин коңшулар да, дүйнөнүн калган бөлүгү да бейкапар күн көрө албайт.

Ганзи провинциясы Ооганстандын баш калаасы Кабулдан түштүк-батышта жайгашкан. Ганзи жарды өлкөдө итке минген жакырчылыкка баткан аймак деп саналат. Дал ушул валайет соңку айлардагы кан төгүүлөрдүн сахнасына айланды. Мында 8-сентябрь күнү Даниядан келген соопчулук уюмунун төрт кызматкери өлтүрүлгөн. Алдыңкы айда да Эл аралык Кызыл Жарым ай уюмунун үч өкүлү киши колдуу болгон. Ал эми мындан 220 чакырым түштүк-батыштагы Забул валайетинде кууш капчыгай, аска-зоолордо жашырынган талибдер бир нече жума катары менен америкалык аба күчтөрүнө туруштук берип, 1 миңдей ооган аскерлерине тийип-качып кол салышты.

Куралчандардын коңшулаш Пакистан менен байланышын айгинелеген окуя тууралуу ооган өкмөтүнүн коопсуздук кызматынын жетекчилеринин бири Ассошиэйтед Пресс агенттигине айтып берди. Анын сөзү боюнча, жогоруда сөз болгон Забул провинциясындагы салгылашта 8-сентябрь күнү талибдер сателлит телефону аркылуу Пакистандын Кветта шаарынан артка чегинүүгө буйрук алышкан.

Март айында да Ооганстандын Хелманд провинциясында талибдер Кызыл Чырым уюмунун машинасын токтотушканда, Кветтадан телефон чалган киши кол салуудан аман калган Салвадордун атуулун жок кылууга буйрук берген. Ооганстандын чалгын кызматтары буйрук берген киши талибдердин качып кеткен кол башчысы Дадулла молдо болгонун айтышкан.

Ал эми өткөн аптада, 17-сентябрь күнү Ганзи провинциясынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мохаммед Исмаил Азиз үйүнө жакын калганда, алыстан башкарылган бомба жарылды. Бомбадан төрт киши мерт болду, Азиз жеңил жараат менен аман калды. Апта соңунда ал өз үйүндө чет элдик кабарчылар менен жолукту. "Бир нече талибди колго түшүрдүк. Алардан провинциянын жогорку кызматчыларын өлтүрүү тууралуу чоң пландары бар экенин билдик", - деди Азиз. Полиция башчысынын айтымында, талибдер түн ичинде ар кимдерге кат жиберип, балдарыңарды мектепке бербегиле деп коркутушкан. Бир мектепти, эмкананы өрттөп жиберишкен.

Нью-Йоркто шейшемби күнү АКШнын президенти Жорж Буш Хамид Карзай менен сүйлөштү. Шаршембиде Буш Пакистандын президенти Первез Мушарраф менен жолугуп, ооган президентинин тынчсыздануусун билдирет деп күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG