Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:49

Орусия менен Кытай мунай келишимине кол коюуну кийинкиге калтырышты


БЭЭЖИН. Орусия менен Кытай 2 жарым миллиард долларлык мунай келишимине кол коюуну кийинкиге калтырышты.Бул жөнүндө Орусиянын премьер-министри Михаил Касьянов Кытайдын өкмөт башчысы Вен Жибао менен жолугушкандан кийин билдирди. Келишим долбоору 10 чакты жылдан бери талкууланып келатат. Касьянов мындай деди:
- Бизге сунуш кылынган эки планда тең мунай куурун Байкал көлүн бойлоп алып өтүү каралат. Өзүңөр билгендей, Байкал дүйнөнүн асыл берметтеринин бири. Аны ЮНЕСКО коргойт, аны эл аралык мыйзамдар эле эмес, Орусиянын мыйзамдары да коргоо алышкан.
Бирок Касьянов Орусия Кытайга мунай сатууну 5 жарым миллион тоннага жеткире турганын, ал мунай темир жол менен ташыла тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG