ДУБАЙ. Ливия Улуттар Уюмунун санкциялары алынып ташталганын белгилеп, АКШдан токтотулуп коюлган эсептердеги бир миллиард доллардан ашык акчаны бошотуп берүүсүн талап кылды. Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 12-сентябрда Ливияга жарыяланган санкцияларды күчүнөн кетирүү жөнүндө чечим кабыл алган. АКШ болжолдо Ливияга тийешелүү бир миллиард 200 миллион долларлык эсептерди токтотуп койгон. Өлкөнүн банк эсептери палестиндердин 1985-жылы Рим жана Вена аэропортторуна жасаган чабуулдарынан кийин токтотулган болчу. Анткени АКШнын мамдепартменти чабуулдарга Ливиянын тийешеси бар деген тыянакка келген.