Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

НАТО Тажикстандын куралдуу күчтөрүн заман талабына ылайыкташырууга жардам берет


ДУШАНБЕ. НАТО Тажикстандын куралдуу күчтөрүн заман талабына ылайыкташырууга жардам берет. Бул жөнүндө бүгүн Душанбеде билдирген Натонун баш катчысы Жорж Роберстон жардам "Тынчтык үчүн кызматташуу" программасынын алкагында бериле турганын айтты. НАТОнун бул программасы уюм менен мурдагы Варшава келишимине кирген өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөйт. Робертсон бүгүн Тажикстандын президенти Имомали Рахмонов менен жолугушуп, маң зат аткесчилигине каршы күрөшүү маселелерин талкуулады. Тажикстандан Робертсон Өзбекстан менен Ооганстанга барат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG